Skip to content

Эгер Аллах бир пендени жакшы көрсө, Жебрейилди чакырат да: "Мен баланчаны жакшы көрөм, сен да аны жакшы көр!" — дейт. Ошондо аны Жебрейил да жакшы көрөт.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:

«Эгер Аллах бир пендени жакшы көрсө, Жебрейилди чакырат да: "Мен баланчаны жакшы көрөм, сен да аны жакшы көр!" — дейт. Ошондо аны Жебрейил да жакшы көрөт. Андан соң ал (Жебрейил) асманда: "Чынында Аллах баланчаны жакшы көрөт, силер да жакшы көргүлө" — деп жар салат. Ошентип, аны асман тургундары да жакшы көрөт. Андан кийин жер бетинде ал үчүн (адамдардын жүрөгүндө) кабыл алуу (сүйүү, урмат-сый) жаратылат. Ал эми бир пендени жек көрсө, Жебрейилди чакырып: "Мен баланчаны жек көрөм, сен да аны жек көр!" — дейт. Ошондо аны Жебрейил да жек көрөт. Андан соң ал асман тургундарынын арасында: "Чынында Аллах баланчаны жек көрөт, силер да жек көргүлө!" — деп жар салат. Ошентип, аны (периштелер да) жек көрүшөт. Андан кийин жер бетинде ал үчүн жек көрүү жаратылат».

«إِنَّ اللهَ إِذَا أَحَبَّ عَبْدًا دَعَا جِبْرِيلَ فَقَالَ: إِنِّي أُحِبُّ فُلَانًا فَأَحِبَّهُ، قَالَ: فَيُحِبُّهُ جِبْرِيلُ، ثُمَّ يُنَادِي فِي السَّمَاءِ فَيَقُولُ: إِنَّ اللهَ يُحِبُّ فُلَانًا فَأَحِبُّوهُ، فَيُحِبُّهُ أَهْلُ السَّمَاءِ، قَالَ ثُمَّ يُوضَعُ لَهُ الْقَبُولُ فِي الْأَرْضِ، وَإِذَا أَبْغَضَ عَبْدًا دَعَا جِبْرِيلَ فَيَقُولُ: إِنِّي أُبْغِضُ فُلَانًا فَأَبْغِضْهُ، قَالَ فَيُبْغِضُهُ جِبْرِيلُ، ثُمَّ يُنَادِي فِي أَهْلِ السَّمَاءِ إِنَّ اللهَ يُبْغِضُ فُلَانًا فَأَبْغِضُوهُ، قَالَ: فَيُبْغِضُونَهُ، ثُمَّ تُوضَعُ لَهُ الْبَغْضَاءُ فِي الْأَرْضِ».

Сахих Муслим
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар берди: Эгер Аллах буйруктарына моюн сунган жана тыюуларынан сактанган момун пендесин жакшы көрсө, Жебрейилге мындай деп айтат: Чынында, Аллах Таала баланчаны жакшы көрөт, сен да аны жакшы көр. Ошентип, аны периштелердин мырзасы Жебрейил (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жакшы көрөт, анан Жебрейил асман периштелерине: Албетте, Эгеңер баланчаны жакшы көрөт, силер да аны жакшы көргүлө! — деп жар салат. Ошондо, аны асман тургундары да жакшы көрүшөт. Андан соң момундардын жүрөгүндө ал инсанга карата сүйүү, ага карай тартылуу жана андан ыраазы болуу сыяктуу кабыл алуу (урмат-сый) жаратылат. Эгер Аллах пендени жаман көрсө, Жебрейилге: "Мен баланчаны жаман көрөм, сен да аны жаман көр" — деп айтат.Ошентип, аны Жебрейил да жаман көрөт. Андан соң Жебрейил асман тургундарына: Чындыгында, Роббиңер баланчаны жек көрөт, аны силер да жек көргүлө! — деп жар салат. Ошондо алар аны жек көрүшөт. Андан соң, ыймандуулардын жүрөктөрүнө ага карата жек көрүү жана жийиркенүү салынат.

Хадистин пайдалары

Абу Мухаммад ибн Абу Жамра айтты: Бул буйруктун башка периштелерден мурун Жебирейилге берилиши – анын Аллах Тааланын алдындагы даражасынын башкаларга караганда бийик экендигин көрсөтөт.

Кимди Аллах жакшы көрсө, аны асмандагылар жана жердегилер жакшы көрөт. Кимди Аллах жаман көрсө, аны асмандагылар жана жердегилер жаман көрөт.

Ас-Синдий мындай деген: «Жер бетинде ал үчүн кабыл алуу жаратылат» деген сөзүнөн жалпыга бирдей (бүткүл адамзатты камтыйт) деген маани чыкпайт. Тескерисинче, бул нерсе Аллах ал пенде үчүн жер бетинде канчалык деңгээлде кабыл алууну каалаган болсо, ошол өлчөмдө гана болот. Кантип эле жалпыга бирдей болсун, анткени жаман адамдардын жакшы адамдарга (такыбаларга) душмандык кылары баарына белгилүү го!

Жакшылык жана сооптуу иштердин парз болсун же сүннөт болсун, бардык түрлөрүн толук аткарууга үндөө, ошондой эле күнөөлөр менен бидаттардан эскертүү (кайтаруу); анткени алар — Аллахтын каарына калуунун себептери.

Ибн Хажар минтип айткан: Мындан адамдардын жүрөктөрүндөгү махабат Аллахтын махабатынын белгиси экендиги алынат жана муну жаназалар бөлүмүндөгү: "Силер Аллахтын жердеги күбөлөрүсүңөр", - деген хадис кубаттайт.

Ибн аль-Араби аль-Малики минтип айткан: Чындыгында, «жер тургундары» деген сөз менен аны билбегендер жана ал жөнүндө укпагандар эмес, алардын ичинен аны тааныгандар гана максат кылынат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 111) (3209).

Сахих Муслим (4/ 2030) (2637).

Сахих ал-Бухари (4/ 111) (3209).

Сахих Муслим (4/ 2030) (2637).

Дагы (16)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 268).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 355).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (6/ 308).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 455).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 268).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 355).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (6/ 308).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 455).