Кимде-ким Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгы көздөлө турган илимди бир гана дүйнө кызыкчылыгына жетүү үчүн үйрөнсө, ал Кыямат күнү бейиштин жыпар жытын таппайт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"«Кимде-ким Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгы көздөлө турган илимди бир гана дүйнө кызыкчылыгына жетүү үчүн үйрөнсө, ал Кыямат күнү бейиштин жыпар жытын таппайт», - башкача айтканда, анын жытын."
«مَنْ تَعَلَّمَ عِلْمًا مِمَّا يُبْتَغَى بِهِ وَجْهُ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ لَا يَتَعَلَّمُهُ إِلَّا لِيُصِيبَ بِهِ عَرَضًا مِنَ الدُّنْيَا لَمْ يَجِدْ عَرْفَ الْجَنَّةِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ» يَعْنِي رِيحَهَا.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким негизинен Аллах Тааланын ыраазылыгын көздөп үйрөнүлүшү керек болгон шарият илимин болгону байлык же мансап сыяктуу дүйнө пайдасына жетүү үчүн гана үйрөнсө, ал Кыямат күнү бейиштин жытын да жыттабай турганын баян кылган.
Илим алууда чын ыкластуу болуу жана ага кызыктырып шыктандыруу важип.
Шарият илимин рия үчүн же дүйнө табуунун куралы кылып алуудан катуу эскертүү. Жана бул чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет.
Ким Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн илим издеп, анын артынан дүйнө да ээрчип келсе, аны алууга уруксат жана бул ага зыян тийгизбейт.
Ас-Синдий минтип айткан: «Бейиштин жыпар жыты» деген сөздөн максат – анын жыты. Бул бейиштин арам кылынгандыгын күчөтмө мааниде билдирет, анткени бир нерсенин жытын таппаган адам ага жете албайт.
Кимде-ким Аллахтын ыраазычылыгы көздөлгөн илимди кызмат үчүн же башка максаттар үчүн үйрөнсө, анда ал бул үчүн Аллахка тообо кылышы керек. Жана Аллах анын бузулган ниетинен улам пайда болгон күнөөсүн өчүрөт. Аллах Таала – Улуу Пазилеттин ээси.
Бул эскертүү шарият илимин алуучуга багытталган. Ал эми ким инженерия, химия жана башка ушул сыяктуу дүйнө илимдеринен болгон бир илимди дүйнө ырахаттары үчүн, дүйнө максатында үйрөнсө, анда анын ниети өзүнө тиешелүү.
Сунан Абу Дауд (5/ 504) (3664).
Сунан Ибн Маажа (1/ 169) (252).
Муснад Ахмад (14/ 169) (8457).
Сунан Абу Дауд (5/ 504) (3664).
Сунан Ибн Маажа (1/ 169) (252).
Муснад Ахмад (14/ 169) (8457).
Дагы (24)
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 477).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (16/ 507).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 957).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (2/ 447).
عون المعبود شرح سنن أبي داود.
العظيم آبادي (10/ 70).
حاشية السندي على سنن ابن ماجه.
لمحمد التتوي (1/ 110).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 477).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (16/ 507).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 957).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (2/ 447).
عون المعبود شرح سنن أبي داود.
العظيم آبادي (10/ 70).
حاشية السندي على سنن ابن ماجه.
لمحمد التتوي (1/ 110).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- الخطب المنبريةموسوعة الخطب المنبرية (القسم الأول)«مَنْ تَعَلَّمَ عِلْمًا مِّمَّا يُبْتَغَىٰ بِهِ وَجْهُ اللَّهِ، لَا يَتَعَلَّمُهُ إِلَّا لِيُصِيبَ بِهِ عَرَضًا مِنَ الدُّنْيَا، لَمْ يَجِدْ عَرْفَ الْجَنَّةِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ - يَعْنِي: رِيحَهَا-»؛
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 6«مَنْ تعلَّمَ علماً ممَّا يُبْتغىٰ به وجهُ الله _عز وجل_ لا يتعلَّمُهُ إلا ليُصيبَ به عَرَضاً من الدُّنيا لم يجد عَرْفَ الجَنَّة يومَ القيامةِ» يَعني: ريحَها.
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«مَنْ تعلَّم علماً ممَّا يُبْتَغَىٰ به وجهُ الله _عز وجل_ ، لا يتعلمهُ إلَّا ليصيبَ بهِ عَرَضاً منَ الدُّنيا، لم يجدْ عَرْفَ الجنَّة يومَ القيامة» يعني: ريحها.