Skip to content

Мен сенден кийин төрт сөздү үч жолу айттым, эгерде алар сенин бүгүн айткандарың менен таразага тартылса, алардан оор келмек.

Момундардын энеси Жувайрия (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эрте менен багымдат намазын окуган кезде анын жанынан чыгып кетти, бул убакта ал өзүнүн намаз окуган ордунда эле. Анан Пайгамбарыбыз шашке маалында кайтып келсе, ал ордунда олтурган эле. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мен таштап кеткен абалыңда олтурасыңбы?" - деп сурады. Ал: "Ооба", - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мен сенден кийин төрт сөздү үч жолу айттым, эгерде алар сенин бүгүн айткандарың менен таразага тартылса, алардан оор келмек: Аллахка Анын жараткандарынын санындай, Өзү ыраазы болгондой, Аршынын салмагындай жана сөздөрүнүн көлөмүндөй көп-көп мактоолор болсун. Биз Аллахты ар кандай кемчилдиктүү сыпаатардан аруулайбыз!» - деди."

أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ خَرَجَ مِنْ عِنْدِهَا بُكْرَةً حِينَ صَلَّى الصُّبْحَ، وَهِيَ فِي مَسْجِدِهَا، ثُمَّ رَجَعَ بَعْدَ أَنْ أَضْحَى، وَهِيَ جَالِسَةٌ، فَقَالَ: «مَا زِلْتِ عَلَى الْحَالِ الَّتِي فَارَقْتُكِ عَلَيْهَا؟» قَالَتْ: نَعَمْ، قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَقَدْ قُلْتُ بَعْدَكِ أَرْبَعَ كَلِمَاتٍ، ثَلَاثَ مَرَّاتٍ، لَوْ وُزِنَتْ بِمَا قُلْتِ مُنْذُ الْيَوْمِ لَوَزَنَتْهُنَّ: سُبْحَانَ اللهِ وَبِحَمْدِهِ، عَدَدَ خَلْقِهِ وَرِضَا نَفْسِهِ وَزِنَةَ عَرْشِهِ وَمِدَادَ كَلِمَاتِهِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күндүн башында, багымдат намазын окуган кезде, жубайы, момундардын энеси Жувайриянын (Аллах андан ыраазы болсун) алдынан чыгып кетти, ал учурда ал намаз окуган ордунда олтурган эле. Анан күн ортолоп калган шашке убагында кайтып келсе, ал дагы эле ордунда отурган экен. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Сен дагы деле мен сени таштап кеткен абалда олтурасыңбы? Ал: "Ооба" - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Мен сенден кийин төрт сөздү үч жолу кайталап айттым, эгерде алар сооп жагынан сен олтурган убакыттын баарында айткандарың менен салыштырылса, алардан оордук кылмак: «Субханаллах» – Аллахты бардык кемчиликтүү сыпаттардан аруулоо, «уа бихамдихи» – туура жол көрсөткөн Ага гана эң жакшы мактоолор тийиштүү экендигин билдирүү, «адада холкихи» – Аллахтан башка эч ким эсептей албаган макулуктарынын санындай, «уа ридо нафсихи» – Өзү ыраазы болгондой, б.а. Аллах Өз пенделеринин ичинен кимисинен ыраазы болсо, ошол ыраазычылыктын өлчөмүндөй. Ал толук камтып билүүгө мүмкүн болбогон нерсе, «уа зината аршихи» – бардык макулуктардын эң улуусу жана эң салмактуусу болгон Өз Аршынын салмагындай, «уа мидада калимаатихи» – сөздөрүнүн көлөмүндөй, ал эми Аллахтын сөздөрү чектелбейт жана түгөнбөйт. Бул болсо үч бөлүктү тең жалпылайт жана өзүнө камтыйт. Анткени Аллах Тааланын сөздөрүнүн көлөмүнүн өлчөмүнө, сыпатына жана санына чек жок. Бирок мындан көздөлгөн максат – анын өтө көптүгүн баса белгилөө. Себеби, алгач көп сан менен гана чектеле турган макулуктардын санын эскерди, андан кийин андан да улуураак болгон нерсеге көтөрүлүп, аны Өзүнүн ыраазычылыгы менен баяндады, андан соң макулуктардын эң улуусу болгон Арштын салмагын айтты. Ошентип, биринчиси – санга жана өлчөмгө, экинчиси – сыпатка жана абалга, ал эми үчүнчүсү – улуулукка жана салмактуулукка тиешелүү.

Хадистин пайдалары

Бул сөздөрдүн пазилетин баяндоо жана аларды айтууга кызыктыруу.

Зикирлердин бири-биринен өзгөчөлүгү жана бири башкасынан сообу жактан абзел болуусу.

Имам Навави «Субханаллахи уа бихамдихи, мидаада калимаатихи» (Аллах Таалага сөздөрүнүн көлөмүндөй мактоолор болсун. Биз Аны ар кандай кемчиликтерден аруулайбыз) сөзү тууралуу мындай дейт: «Бул жерде максат – анын өтө көптүгүн баса белгилөө. Анткени ал алгач макулуктарынын саны сыяктуу өтө көп болсо да санына жетүүгө мүмкүн болгон нерсени, андан кийин Өз Аршынын салмагын эскерди. Андан соң мындан да улуу болгон нерсеге көтөрүлүп, аны ушул сөз менен түшүндүрдү. Башкача айтканда, Аллахтын сөздөрү саналбагандай эле, ага болгон мактоону да эч бир сан менен эсептеп бүтүүгө мүмкүн эмес экендигин билдирди».

Ибн ал-Каййим мынтип айткан: "Зикир кылуучу: «Субханаллахи уа бихамдихи, адада холкихи...)» деп аягына чейин айткан учурда, анын жүрөгүндө пайда болгон ушул айтылган сандын көлөмүндөгү Аллахты таануу, Аны ар бир кемчиликтен аруулоо жана улуктоо – жөн гана «Субханаллах» деп айткан адамдын жүрөгүндөгүдөн алда канча улуураак болот".

Аз сөздөрдү камтыган, бирок ага улуу пазилет жана сооп бериле турган мааниси терең сөздөргө багыттоо.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2090) (2726).

Дагы (6)

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (7/ 536).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 405).

فتح ذي الجلال والإكرام.

لابن عثيمين (6/ 471).