Кайсы бир жамаат бир жерге чогулуп отурганда Аллахты зикир кылбай жана Пайгамбарга салават айтпай тараса, бул алар үчүн Аллах тарабынан бир өкүнүч (зыян) болот. Андан соң Аллах кааласа аларды азаптайт, кааласа кечирет.
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقالأذكار المطلقة
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Кайсы бир жамаат бир жерге чогулуп отурганда Аллахты зикир кылбай жана Пайгамбарга салават айтпай тараса, бул алар үчүн Аллах тарабынан бир өкүнүч (зыян) болот. Андан соң Аллах кааласа аларды азаптайт, кааласа кечирет».
«مَا جَلَسَ قَوْمٌ مَجْلِسًا لَمْ يَذْكُرُوا اللَّهَ فِيهِ وَلَمْ يُصَلُّوا عَلَى نَبِيِّهِمْ إِلاَّ كَانَ عَلَيْهِمْ تِرَةً، فَإِنْ شَاءَ عَذَّبَهُمْ وَإِنْ شَاءَ غَفَرَ لَهُمْ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты эстөөдөн бейкапар болуудан эскерткен. Кайсы бир коом бир жерге чогулуп отурганда Аллах Тааланы эстебесе жана Анын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-салават айтпаса, ал отуруш Кыямат күнү алар үчүн өкүнүч, кайгы жана зыян болот. Андан соң Аллах кааласа аларды өткөн күнөөлөрү жана кетирген кемчиликтери үчүн азаптайт, кааласа Өзүнүн кең пазилети жана ырайымы менен кечирет.
Зикир кылууга кызыктыруу жана анын артыкчылыктары.
Бул жерде Аллах Тааланы эстөө жана Анын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам-салават жолдоо менен өткөн отуруштардын артыкчылыгы, ал эми андай болбогон жыйындардын Кыямат күнү ээлери үчүн өкүнүч жана кайгы болору кабарланган.
Аллахты зикир кылуудан бейкапар болуу жөнүндөгү эскертүү отуруштар (жыйындар) менен эле чектелбейт, ал бардык абалдарга тиешелүү. Имам Навави бул тууралуу мындай деген: «Ким бир жерде отурса, ал жерден Аллах Тааланы зикир кылбай туруп туруп кетүүсү макрух болот».
Кыямат күнү алар дуушар боло турган өкүнүч эки себептен улам келип чыгат: биринчиси — убактысын Аллахка ибадат кылууга пайдаланбагандыгы үчүн сооп-сыйлыктан куру калуусу, экинчиси — убактысын күнөө иштер менен өткөргөндүгү үчүн жазага жана азапка кириптер болуусу.
Эгер бул эскертүү жөн гана уруксат берилген (мубах) иштер менен алек болуп, Аллахты унутуп калууга тиешелүү болсо, анда ичине ушак, кыйбат жана башка күнөөлөр аралашкан арам жыйындардын абалы кандай гана коркунучтуу болот?!
Сунан Абу Дауд (7/ 221) (4855).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 391) (3380).
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (9/ 155) (10163).
Сунан Абу Дауд (7/ 221) (4855).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 391) (3380).
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (9/ 155) (10163).
Дагы (12)
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 524).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 396).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 464).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 524).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 396).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 464).