"Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт".
Маъдан бин Абу Талха Йаъмари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызматчысы Савбанга жолугуп: Анын себеби менен Аллах мени бейишке киргизе турган амалды айтчы? - деп айттым. Же Аллахка эң сүйкүмдүү амалды айтчы деп сурадым окшойт. Ал унчукпай койду. Мен дагы сурадым. Ал бул жолу да унчукпады. Үчүнчү жолу сураганымда, ал: Бул амал тууралуу Аллахтын элчисинен мен да сураганмын. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт". Маъдан айтат: Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ошол эле суроону сурадым. Ал мага Саубан айткандай эле жооп берди.
لَقِيتُ ثَوْبَانَ مَوْلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقُلْتُ: أَخْبِرْنِي بِعَمَلٍ أَعْمَلُهُ يُدْخِلُنِي اللهُ بِهِ الْجَنَّةَ؟ أَوْ قَالَ قُلْتُ: بِأَحَبِّ الْأَعْمَالِ إِلَى اللهِ، فَسَكَتَ. ثُمَّ سَأَلْتُهُ فَسَكَتَ. ثُمَّ سَأَلْتُهُ الثَّالِثَةَ فَقَالَ: سَأَلْتُ عَنْ ذَلِكَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: «عَلَيْكَ بِكَثْرَةِ السُّجُودِ لِلَّهِ، فَإِنَّكَ لَا تَسْجُدُ لِلَّهِ سَجْدَةً، إِلَّا رَفَعَكَ اللهُ بِهَا دَرَجَةً، وَحَطَّ عَنْكَ بِهَا خَطِيئَةً» قَالَ مَعْدَانُ: ثُمَّ لَقِيتُ أَبَا الدَّرْدَاءِ فَسَأَلْتُهُ فَقَالَ لِي: مِثْلَ مَا قَالَ لِي: ثَوْبَانُ.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке кирүүгө себеп боло турган же Аллах Таалага сүйкүмдүү болгон амал тууралуу сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Көбүрөөк сажда кылууга аракет кыл. Сен Аллахка ар бир сажда кылганыңда, ал үчүн сенин даражаңды көтөрүп, күнөөңдү өчүрөт - деди.
Мусулман адам парз жана нафил намаздарды такай окушу керек, анткени намаздын ичинде сажда бар.
Сахабалар бейишке Аллахтын ырайымынан кийин амал аркылуу гана жетүүгө болорун жакшы билишкен.
Намаздын ичиндеги саждалар - даражанын көтөрүлүшүнө жана күнөөлөрдүн өчүрүлүшүнө чоң себеп болот.
Сахих Муслим (1/ 353) (488).
(4/ 205).
Дагы (9)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين.
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (1/ 188).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 137).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 105).
شرح النووي على مسلم.
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- الله -جل جلاله- أنيس المحبين وملاذ القاصدين«عَلَيْكَ بِكَثْرَةِ السُّجُودِ لِلهِ، فَإِنَّكَ لَا تَسْجُدُ لِـِلَّهِ سَجْدَةً إِلَّا رَفَعَكَ اللهُ بِهَا دَرَجَةً، وَحَطَّ عَنْكَ بِهَا خَطِيئَةً»
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالحلقيت ثوبان مولى رسول الله صلى الله عليه وسلم فقلت: أخبرني بعمل أعمله يدخلني الله به الجنة؟ أو قال قلت: بأحب الأعمال إلى الله، فسكت. ثم سألته فسكت. ثم سألته الثالثة فقال: سألت عن ذلك رسول الله صلى الله عليه وسلم، فقال: “عليك بكثرة السجود ل
- محاضرات تعظيم قدر الصلاةمحاضرات في تعظيم قدر الصلاة"عَلَيْكَ بِكَثْرَةِ السُّجُودِ لِلَّهِ، فَإِنَّكَ لَا تَسْجُدُ لِلَّهِ سَجْدَةً، إِلَّا رَفَعَكَ اللهُ بِهَا دَرَجَةً، وَحَطَّ عَنْكَ بِهَا خَطِيئَةً " [41]،