Skip to content

"Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.

Сахл бин Муаз бин Анас атасынан риваят кылып айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.

«مَنْ أَكَلَ طَعَامًا فَقَالَ: الحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَطْعَمَنِي هَذَا وَرَزَقَنِيهِ مِنْ غَيْرِ حَوْلٍ مِنِّي وَلاَ قُوَّةٍ، غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамак жеген адам: бул тамакты табууга, аны жегенге менин кудуретим жок эле, Аллахтын жардамы менен гана тамак таап жей алдым деп, Аллахка алкыш-мактоо айтууга үндөгөн. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким ушинтип айтса, Аллах Таала анын мурда жасаган майда күнөөлөрүн кечиришине татыктуу болорун сүйүнчүлөгөн.

Хадистин пайдалары

Тамак жеп бүткөндөн кийин Аллах Таалага алкыш-мактоо айтуу жакшы иш.

Аллах Тааланын пенделерине берешендиги улуу. Пенделерине ырыскы берет, ырыскы алуунун жолун жеңил кылат, анан да ошол ырыскыны жеп мактоо айтканы үчүн күнөөлөрүн кечирет.

Пенденин ар бир иши Аллахтын жардамы менен болот, өзүнүн күч-кубаты менен болбойт. Пенде себептерди аткарууга гана буйрулган.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (5/ 452) (3458).

Сунан Абу Дауд (6/ 138) (4023).

Сунан Ибн Маажа (4/ 417) (3285).

Муснад Ахмад (24/ 394) (15632).

Дагы (6)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

مجموعة من الباحثين (1/ 602).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

للهلالي (2/ 54).

تاج العروس من جواهر القاموس.

للزبيدي (28/ 366).