Skip to content

Оо, Абу Саид, кимде-ким Аллахты – Раббим, Исламды – диним, жана Мухаммадды – пайгамбарым деп ыраазы болсо, ага бейиш важиб болот.

Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

"Оо, Абу Саид, ким Аллахты Раббим, Исламды диним жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ага бейиш важиб болот". Абу Саид буга таң калып: "Оо, Аллахтын элчиси, муну мага кайталап айтып бериңизчи", - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайталап айтты, андан кийин: "Пендени бейиште жүз даражага көтөрө турган дагы бир амал бар, ар бир даражанын аралыгы асман менен жердей", - деди. Абу Саид: "Оо, Аллахтын элчиси, ал эмне?" - деп сурады. Пайгамбар: "Аллах жолунда күрөшүү, Аллах жолунда күрөшүү", - деп жооп берди.

«يَا أَبَا سَعِيدٍ، مَنْ رَضِيَ بِاللهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ نَبِيًّا، وَجَبَتْ لَهُ الْجَنَّةُ»، فَعَجِبَ لَهَا أَبُو سَعِيدٍ، فَقَالَ: أَعِدْهَا عَلَيَّ يَا رَسُولَ اللهِ، فَفَعَلَ، ثُمَّ قَالَ: «وَأُخْرَى يُرْفَعُ بِهَا الْعَبْدُ مِائَةَ دَرَجَةٍ فِي الْجَنَّةِ، مَا بَيْنَ كُلِّ دَرَجَتَيْنِ كَمَا بَيْنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ»، قَالَ: وَمَا هِيَ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: «الْجِهَادُ فِي سَبِيلِ اللهِ، الْجِهَادُ فِي سَبِيلِ اللهِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абу Саид ал-Худриге (Аллах андан ыраазы болсун) кимде-ким Аллахка ыйман келтирип, Аны Рабби, Кудай, Ээлик кылуучу, Кожоюн жана Буйрук берүүчү катары ыраазы болуп кабыл алса, Исламды дин катары анын бардык буйруктарына жана тыюуларына толук моюн сунуп, баш ийип ыраазы болсо, Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар катары ал аркылуу жиберилген жана жеткирилген бардык нерселерине ыраазы болсо, ага бейиш сөзсүз берилерин кабарлаган. Буга Абу Саид (Аллах андан ыраазы болсун) таң калып: "Оо, Аллахтын Элчиси, муну мага кайталап бериңизчи" - деди. Ал кайталап берди. Андан соң Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Дагы бир амал бар, Аллах ал аркылуу пендени бейиште жүз даражага көтөрөт, ар бир даражанын аралыгы асман менен жердей" - деди. Абу Саид: "Ал эмне, оо, Аллахтын Элчиси?" - деди. Ал: "Аллах жолунда күрөшүү, Аллах жолунда күрөшүү" - деди.

Хадистин пайдалары

Бейишке кирүүнү милдеттүү кылган нерселерден: Аллахты Раббим, Исламды диним жана Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарым деп ыраазы болуу.

Аллах Тааланын жолунда күрөшүүнү улуктоо.

Аллах жолунда күрөшкөн адамдын бейиштеги бийик даражасы.

Бейиште эсепсиз даражалар жана саналгыс орундар бар, алардын жүз даражасы Аллах жолунда күрөшкөндөргө таандык.

Жакшылыкты, анын эшиктерин жана себептерин билүү үчүн Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын жакшы көрүү.

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1501) (1884).

Дагы (6)

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 910).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 423).

النهاية في غريب الحديث والأثر.

لابن الأثير (5/ 153).