Бану Исраилде пайгамбарлардын иши улам уланып турган. Бир пайгамбар кайтыш болсо, ордуна экинчиси келген. Ал эми менин артымдан пайгамбар келбейт. Халифалар келет жана алардын саны көп болот.
Абу Хазим айтат: Мен Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) менен беш жыл чогуу отурдум, ошондо анын Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис риваят кылып, минтип айтканын уктум:
«Бану Исраилде пайгамбарлардын иши улам уланып турган. Бир пайгамбар кайтыш болсо, ордуна экинчиси келген. Ал эми менин артымдан пайгамбар келбейт. Халифалар келет жана алардын саны көп болот». Сахабалар: «Анда бизге эмнени буюрасыз?» – деп сурашты. Пайгамбарыбыз: «Алгачкы берилген антка (байатка) кезек-кезеги менен бекем тургула жана алардын укуктарын бергиле. Анткени Аллах алардан кол алдындагылар (башкаруусуна берилген эл) тууралуу сөзсүз сурайт», – деп жооп берди.
«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لاَ نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ» قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ، فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар бергендей, Бану Исраилди пайгамбарлар башкарып, алардын иштерин падыша же жетекчилер сыяктуу эле жүргүзүп турушкан. Ал эми алардын арасында бузукулук пайда болгон сайын, Аллах аларга иштерин оңдой турган жана алар өзгөртүп салган өкүмдөрдү жоё турган жаңы пайгамбарды жиберип турган. Ал эми менин артымдан алар кылган ишти кыла турган пайгамбар келбейт. Менден кийин халифалар келет жана алардын саны көп болот. Ошондой эле ортодо келишпестиктер менен талаш-тартыштар орун алат. Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Анда бизге эмне кылууну буюрасыз?» - деп сурашты. Ал мындай деди: «Эгер бир халифадан кийин экинчи халифага келишим кылынса, анда биринчисинин келишими жарактуу жана аны аткаруу милдет болот. Ал эми экинчисинин келишими жараксыз жана аны талап кылуу — ага арам. Аларга акысын бергиле, баш ийгиле жана күнөө болбогон иштерде угуу, баш ийүү менен мамиле кылгыла. Анткени Аллах алардан силерге кылган иштери үчүн сурайт жана эсепке тартат».
Кол алдындагылардын иштерин башкара турган жана аларды туура жолго сала турган пайгамбардын же халифанын болушу — сөзсүз зарыл.
Албетте, биздин пайгамбарыбыз Мухаммаддан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийин пайгамбар жок.
Бийлиги шариятка ылайыктуу жол менен бекитилген башчыга каршы чыгуудан эскертүү (тыюу салуу).
Бир эле учурда эки халифага байат берүүгө болбойт.
Имамдын жоопкерчилиги чоң. Анткени Аллах Таала андан кол алдындагылары тууралуу сурайт.
Ибн Хажар минтип айткан: «Дин иштери дүйнө иштеринен алдыга коюлат. Анткени Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) диндин сөзүн жогору кылуу, фитна менен жамандыктын алдын алуу үчүн башчынын акысын толук берүүгө буйруган. Ал эми өз акысын талап кылууну кечеңдетүү — ал акыны жокко чыгарбайт. Аллах ага бул акыны, мейли акыретте болсо да, өндүрүп берип, толугу менен кайтарып берүүнү убада кылган».
Бул – Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын белгилеринин бири. Анткени андан кийин халифалардын саны көбөйүп, үммөткө алардын жакшылары да, жамандары да биринин артынан бири келип турду.
Сахих ал-Бухари (4/ 169) (3455).
Сахих Муслим (3/ 1471) (1842).
Дагы (4)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 707).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 544).