Мен сенин таш экениңди билем, зыян да, пайда да тийгизе албайсың. Эгер Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сени өпкөнүн көрбөгөнүмдө мен да сени өпмөк эмесмин.
Умар (Аллах андан ыраазы болсун)
Ал кара ташка келип, аны өөп, анан мынтип айткан: "Мен сенин таш экениңди билем, зыян да, пайда да тийгизе албайсың. Эгер Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сени өпкөнүн көрбөгөнүмдө мен да сени өпмөк эмесмин."
أَنَّهُ جَاءَ إِلَى الحَجَرِ الأَسْوَدِ فَقَبَّلَهُ، فَقَالَ: إِنِّي أَعْلَمُ أَنَّكَ حَجَرٌ، لاَ تَضُرُّ وَلاَ تَنْفَعُ، وَلَوْلاَ أَنِّي رَأَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُقَبِّلُكَ مَا قَبَّلْتُكَ.
Момундардын амири Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) Каабанын бурчундагы кара ташка келип, аны өөп, анан мындай деди: "Мен сенин таш экениңди билем, зыян да, пайда да тийгизе албайсың. Эгер Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сени өпкөнүн көрбөгөнүмдө мен да сени өпмөк эмесмин."
Таваф кылуучуларга кара таштын тушуна келгенде, эгер жеңилдик менен мүмкүн болсо, аны өбүү шарият кылынган.
Кара ташты өбүүдөн максат – Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчүү.
Имам Навави мынтип айтат: "Мунун мааниси, анын пайда да, зыян да жеткирүүгө кудурети жоктугу жана ал пайда да, зыян да бере албаган башка макулуктар сыяктуу эле бир таш. Умар муну башка өлкөлөрдө да күбөлүк берилиши жана ажылыкка келген ар кайсы өлкөлөрдүн адамдары андан муну жаттап калуулары үчүн ажылык мезгилинде жарыя кылды."
Ибадаттар «таукифий» (Куран, сүннөткө көз каранды) болуп саналат. Ошондуктан, алардын ичинен Аллах жана Анын Элчиси шарият кылган нерслерге гана амал кылынат.
Эгер ибадат туура болсо, анын хикматы билинбесе да, ага амал кылына берет. Анткени, адамдардын аны аткарып, баш ийүүсү максат кылынган хикматтардан болуп эсептелет.
Шариятта ибадат катары өбүү көрсөтүлбөгөн таштарды жана башка нерселерди өбүүгө тыюу салынат.
Сахих ал-Бухари (2/ 149) (1597).
Сахих Муслим (2/ 925) (1270).
Сахих ал-Бухари (2/ 149) (1597).
Сахих Муслим (2/ 925) (1270).
Дагы (8)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص394).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (3/ 527).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص394).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (3/ 527).