Skip to content

Эгер адамдар азандын жана биринчи саптын артыкчылыгын билгенде, анда ага жетүү үчүн чүчүкулак тартуудан башка жол таба албай, сөзсүз чүчүкулак тартышмак.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Эгер адамдар азандын жана биринчи саптын артыкчылыгын билгенде, анда ага жетүү үчүн чүчүкулак тартуудан башка жол таба албай, сөзсүз чүчүкулак тартышмак. Эгер алар намазга эрте баруунун артыкчылыгын билишкенде, анда ал үчүн жарышышмак. Эгер куптан жана багымдат намаздарынын артыкчылыгын билишкенде, анда ал экөөнө жөрмөлөп болсо да келишмек».

«لَوْ يَعْلَمُ النَّاسُ مَا فِي النِّدَاءِ وَالصَّفِّ الْأَوَّلِ ثُمَّ لَمْ يَجِدُوا إِلَّا أَنْ يَسْتَهِمُوا عَلَيْهِ لَاسْتَهَمُوا، وَلَوْ يَعْلَمُونَ مَا فِي التَّهْجِيرِ لَاسْتَبَقُوا إِلَيْهِ، وَلَوْ يَعْلَمُونَ مَا فِي الْعَتَمَةِ وَالصُّبْحِ لَأَتَوْهُمَا وَلَوْ حَبْوًا».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берди: Эгер адамдар азандын жана биринчи саптын артыкчылыгын, жакшылыгын жана берекесин билишкенде, анан алар биринчилерден болуп жетүү үчүн чүчүкулактан башка жол таба алышпаса, бири-биринен ким акылуу экенин аныктоо үчүн сөзсүз чүчүкулак тартышмак. Эгер алар намазга алгачкы убактысында эрте баруунун артыкчылыгын билишкенде, анда ага жарышмак. Эгер алар куптан жана багымдат намаздарына баруудагы сооп-сыйлыктын өлчөмүн билишкенде, жаш бала жаңыдан баса баштаганда тизеси менен жөрмөлөгөндөй, жөрмөлөп болсо да ал намаздарга келүү аларга оңой болмок.

Хадистин пайдалары

Азандын артыкчылыгын баяндоо.

Биринчи саптын жана имамга жакын туруунун артыкчылыгын баяндоо.

Намазга анын алгачкы мустахаб убагында эртелеп баруунун пазилетин баяндоо. Анткени анда чоң артыкчылык жана андан келип чыгуучу пайдалар бар. Ал пайдалар: биринчи сапка жетишүү, намазга башынан баштап жетишүү, нафил намазын окуу, Куран окуу, периштелердин ал үчүн кечирим суроосуна ээ болуу, намазды күтүп олтурган убакыттын баарында ал намазда деп эсептелүүсү жана башкалар.

Бул эки намазды жамаат менен окууга катуу үндөө жана анын улуу артыкчылыгы. Анткени бул намаздар уйкунун башталышын жана аягын бузуп, напсиге кыйынчылык жаратат. Ошондуктан бул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар болуп саналат.

Имам Навави мындай дейт: "Хадисте талап кылуучулар көп болуп, талаш-тартыш жаралганда чүчү кулак тартууга уруксат экендиги далилденет.

Экинчи сап үчүнчү саптан абзел, үчүнчүсү төртүнчүсүнөн абзел, ошентип улана берет.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 126) (615).

Сахих Муслим (1/ 325) (437).

Сахих ал-Бухари (1/ 126) (615).

Сахих Муслим (1/ 325) (437).

Дагы (4)

النهاية في غريب الحديث والأثر (1000) (185).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (10/ 267).

النهاية في غريب الحديث والأثر (1000) (185).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (10/ 267).