Оо, адамдар! Аллахка тообо кылгыла! Чындыгында, мен бир күндө Ага жүз ирет тообо кылам.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан болгон Агарр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
Оо, адамдар! Аллахка тообо кылгыла! Чындыгында, мен бир күндө Ага жүз ирет тообо кылам.
«يَا أَيُّهَا النَّاسُ تُوبُوا إِلَى اللهِ، فَإِنِّي أَتُوبُ فِي الْيَوْمِ إِلَيْهِ مِائَةَ مَرَّةٍ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды тообо кылууну жана кечирим суроону көбөйтүүгө буюрган. Өзүнүн мурунку жана кийинки күнөөлөрү кечирилгенине карабастан, ал Аллах Таалага бир күндө жүз жолудан ашык тообо кылып, кечирим сурай турганын кабарлаган. Мында Улук Аллахка карата моюн сунуунун жана ибадат кылуунун кемелдүүлүгү камтылган.
Ар бир адам, анын ыймандагы даражасы жана деңгээли кандай болбосун, Аллах Табарака ва Таалага кайтууга жана тообо кылуу менен өзүн кемелине келтирүүгө муктаж. Анткени эч бир адам Аллах Табарака ва Тааланын акысын өтөөдө кемчиликтен куру эмес: (Оо, ыймандуулар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла).
Тообо кылуунун мааниси жалпы (универсалдуу) болуп саналат: ал арам иштерди жана күнөөлөрдү таштоодо гана эмес, парз-милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтерди оңдоодо да зарыл.
Тообо кылуудагы ыклас — анын кабыл болушунун башкы шарты. Ошондуктан кимде-ким күнөө ишти Аллахтын ыраазылыгы үчүн эмес, башка бир максатта таштаса, анда ал тообо кылган болуп эсептелбейт.
Имам Навави минтип айткан: «Тообонун үч шарты бар: күнөөнү дароо таштоо, аны кылганына чын жүрөктөн өкүнүү жана ал күнөөгө кайра эч качан кайтпоого бекем бел байлоо (чечим кабыл алуу). Ал эми жасалган күнөө башка бир пенденин акысына (укугуна) тиешелүү болсо, анда тообонун төртүнчү шарты кошулат. Ал ээсине акысын кайтарып берүү же анын кечиримин алуу (ыраазылыгын табуу)».
Баса белгилей кетүүчү нерсе, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) истигфар айтып, кечирим тилөөсү сөзсүз эле кандайдыр бир күнөө-каталары үчүн болгон эмес. Тескерисинче, бул анын кулчулугунун (ибадатынын) кемелине жеткендигинен жана Аллахты дайыма зикир кылууга берилгендигинен улам болгон. Ошондой эле ал Аллах Тааланын укугунун улуктугун терең сезгендиктен жана пенде канчалык көп амал кылбасын, Анын че шоксиз нээматтарына татыктуу шүгүр кылууда баары бир кемчилик кетирерин билгендиктен улам кечирим тилеген. Муну менен бирге, бул амал өзүнөн кийинки үммөтүнө үлгү (шарияттык сабак) калтыруу өңдүү бир канча улуу даанышмандыктарды өзүнө камтыйт.
Сахих Муслим (4/ 2075) (2702).
Сахих Муслим (4/ 2075) (2702).
Дагы (12)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 33).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 97).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 52).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 33).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 97).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 52).