Кайсы бир мусулманга кыйынчылык жетип, ал Аллах буйругандай: «Бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтып барабыз» (Бакара сүрөсү), «Оо, Аллах! Менин ушул жапа чеккениме (ага сабыр кылганыма) сооп жаз жана анын ордуна андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кыл!» – деп айтса, Аллах ага сөзсүз анын ордуна андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кылат.
Момундардын энеси Умму Салама (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:
"Кайсы бир мусулмандын башына кыйынчылык жетип, ал Аллах буйругандай: «Бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтып барабыз», [Бакара сүрөөсү, 156-аят]. «Оо, Аллах! Менин ушул жапа чеккениме (ага сабыр кылганыма) сооп жаз жана анын ордуна андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кыл! – деп айтса, Аллах анын ордуна сөзсүз түрдө андан да жакшыраак башка бир жакшылык насип кылат.» Умму Салама айтты: Абу Салама каза болгондо, мен: Мусулмандардын арасынан Абу Саламадан жакшыраак ким бар? Ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң биринчи болуп хижрат кылган үй-бүлө эле – деп айттым. Андан кийин мен ушул сөздөрдү айттым, ошондо Аллах мага анын ордуна Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) насип кылды."
«مَا مِنْ مُسْلِمٍ تُصِيبُهُ مُصِيبَةٌ فَيَقُولُ مَا أَمَرَهُ اللهُ: {إِنَّا لِلهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ} [البقرة: 156]، اللَّهُمَّ أْجُرْنِي فِي مُصِيبَتِي، وَأَخْلِفْ لِي خَيْرًا مِنْهَا، إِلَّا أَخْلَفَ اللهُ لَهُ خَيْرًا مِنْهَا»، قَالَتْ: فَلَمَّا مَاتَ أَبُو سَلَمَةَ قُلْتُ: أَيُّ الْمُسْلِمِينَ خَيْرٌ مِنْ أَبِي سَلَمَةَ؟ أَوَّلُ بَيْتٍ هَاجَرَ إِلَى رَسُولِ اللهِ صلى الله عليه وسلم، ثُمَّ إِنِّي قُلْتُهَا، فَأَخْلَفَ اللهُ لِي رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم.
Момундардын энеси Умму Салама (Аллах андан ыраазы болсун) бир жолу Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын укканын эскерет: Кайсы бир мусулмандын башына кыйынчылык келип, анан ал Аллах ага жактырган сөздү айтса: «Бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Анын Өзүнө гана кайтып барабыз» (Бакара сүрөсү,156-аят), «Оо, Аллах! Мага сооп жаз», сабыр кылганым үчүн «менин ушул жапа чеккениме», анын ордун толтуруп бер «жана мага» анын ордуна «андан да жакшыраак башка бир жакшылык» бер. Аллах ага сөзсүз анын ордуна андан да жакшыраагын берет. Ал айтат: Абу Салама каза болгондо, мен: Мусулмандардын арасынан Абу Саламадан жакшы ким бар?! Ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хижра кылган эң алгачкы үй-бүлө болчу - дедим. Андан кийин Аллах мага жардам берип, мен аны айттым. Ошондо Аллах мага Абу Саламанын ордуна, андан жакшы болгон Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берди.
Кыйынчылык болгондо сабырдуулукка буйруп, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакыруу.
Кыйынчылыктарда Аллахка дуба кылып кайрылуу. Анткени анын ордун толтуруу Анын колунда.
Ыймандуу адамга Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна моюн сунуусунун зарылдыгы. Эгер ага буйругунун артындагы даанышмандуулугу белгисиз болсо дагы.
Жакшылыктын баары момундун Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна баш ийүүсүндө болот.
Сахих Муслим (2/ 631) (918).
Китептерде келтирилген
5 КитептерДагы (5)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"ما من مسلم تصيبه مصيبة فيقول ما أمره الله، إنا لله وإنا إليه راجعون. اللهم أجرني في مصيبتي، وأخلف لي خيراً منها إلا أخلف الله له خيراً منها" .
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“ما من مسلم تصيبه مصيبة، فيقول ما أمره الله: (إنا لله وإنا إليه راجعون) اللهم أجرني في مصيبتي، وأخلف لي خيرا منها، إلا أخلف الله له خيرا منها”.
- حصن المسلم من أذكار الكتاب والسنةحصن المسلم«إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ، اللَّهُمَّ أْجُرْنِي فِي مُصِيبَتِي، وَأَخْلِفْ لِي خَيْرًَا مِنْهَا»[197].
- فتاوى المرضىفتاوى المرضى «ما من مسلم تصيبه مصيبة، فيقول ما أمره الله: إنا لله وإنا إليه راجعون، اللهم أجرني في مصيبتي، وأخلف لي خيرًا منها. إلا أخلف الله له خيرا منها». قالت: فلما مات أبو سلمة، قلت: أي المسلمين خير من أبي سلمة؟ أول بيت هاجر إلى رسول الله صلى الله ع
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (2)1«مَا مِنْ مُسْلِمٍ تُصِيبُهُ مُصِيبَةٌ فَيَقُولُ مَا أَمَرَهُ ﷲ: إِنَّا ﷲ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ، اللَّهُمَّ أْجُرْنِي فِي مُصِيبَتِي، وَأَخْلِفْ لِي خَيْرًا مِنْهَا؛ إِلَّا أَخْلَفَ ﷲ لَهُ خَيْرًا مِنْهَا». قالت: «فلما مات أبو سلمة ق