"Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса,
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".
«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الجُمُعَةِ غُسْلَ الجَنَابَةِ ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْشًا أَقْرَنَ، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الرَّابِعَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ دَجَاجَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الخَامِسَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَيْضَةً، فَإِذَا خَرَجَ الإِمَامُ حَضَرَتِ المَلاَئِكَةُ يَسْتَمِعُونَ الذِّكْرَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазына эртелеп баруунун артыкчылыгы тууралуу айткан. Намазга баруу убактысы – ошол күнү Күн чыккан убактан имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканга чейин созулат. Бул аралыкты беш саатка бөлсөк болот. Б.а. күн чыккандан баштап имам минбарга чыкканга чейинки убакты беш бөлүккө бөлөбүз: Биринчиси: кимде-ким жунуптуктан жуунгандай тазаланып жуунуп, биринчи саатта мечитке барса, төөнү садака кылгандай соопко ээ болот. Экинчиси: экинчи саатта барган адам уйду садака кылгандай соопко ээ болот. Үчүнчүсү: үчүнчү саатта барган адам мүйүздүү кочкорду садака кылгандай соопко ээ болот. Төртүнчүсү: төртүнчү саатта барган адам тоокту садака кылгандай соопко ээ болот. Бешинчиси: бешинчи саатта барган адам жумуртканы садака кылгандай соопко ээ болот. Ошентип имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда мечитке келгендерди катары менен жазып жаткан периштелер жазганын токтотуп, зикир жана кутпаны угуу үчүн чогулушат.
Жума күнү намазга барардан мурда жуунуу зарыл.
Жума намазына күндүн алгачкы бөлүгүндө эртелеп баруу артыкчылыктуу иш.
Ийги иш-амалдарды аткарууга шашылуу керек.
Жума намазына периштелер да келет жана кутпаны угат.
Жума намазына келгендерди периштелер катары менен жазып турат.
Ибн Ражаб айтат: Хадистеги "Кимде-ким жума күнү жуунуп, анан эртелеп мечитке жөнөсө..." дегени жума үчүн жуунуунун абалкы учуру күн чыккан учур, акыркы учуру жумага жөнөгөн учур".
Сахих ал-Бухари (2/ 3) (881).
Сахих Муслим (2/ 582) (850).
Дагы (10)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
عبد الله البسام (ص244).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (2/ 308).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
إسماعيل الأنصاري (1/ 196).
معالم السنن (شرح سنن أبي داود).
أبو سليمان الخطابي (1/ 109).
تهذيب اللغة.
محمد الأزهري (14/ 102).
Китептерде келтирилген
8 КитептерДагы (8)
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الجُمُعَةِ غُسْلَ الجَنَابَةِ ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْشًا
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الْجُمُعَةِ غُسْلَ الْجَنَابَةِ، ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْ
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الْجُمُعَةِ غُسْلَ الْجَنَابَةِ، ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْ
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الجُمُعَةِ غُسْلَ الجَنَابَةِ ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْشًا
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الْجُمُعَةِ غُسْلَ الْجَنَابَةِ، ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْ
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الْجُمُعَةِ غُسْلَ الْجَنَابَةِ، ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْ
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“من اغتسل يوم الجمعة غسل الجنابة، ثم راح، فكأنما قرب بدنة، ومن راح في الساعة الثانية، فكأنما قرب بقرة، ومن راح في الساعة الثالثة، فكأنما قرب كبشا أقرن، ومن راح في الساعة الرابعة، فكأنما قرب دجاجة، ومن راح في الساعة الخامسة، فكأنما قرب بيضة،
- موسوعة الإيمان«فَإِذَا خَرَجَ الإِمَامُ حَضَرَتِ الملائِكَةُ يَسْتَمِعُونَ الذِّكْرَ».