Ким өмүр бою (тынбай) орозо кармаса, ал орозо кармаган болуп эсептелбейт. Ал эми (ар айда) үч күн орозо кармоо — бүткүл өмүр бою орозо кармаганга барабар.
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты:
Ал мага: «Сен чындыгында эле жыл бою (күн сайын) орозо тутуп, түнү бою (ибадат кылып) намазда турасыңбы?» - деди. Мен: «Ооба», - деп жооп бердим. Ал айтты: «Эгер сен ушинтип уланта берсең, көзүң чуңкурайып, денең алсырайт. Жыл бою (тынбай) орозо кармаган адам орозо туткан болуп эсептелбейт. (Ар айда) үч күн орозо тутуу — бул бүтүндөй жыл бою орозо тутууга тең келет». Мен: «Менин мындан да көбүрөөккө күчүм жетет», - дедим. Ал: «Анда Дауд пайгамбардын орозосун тут! Ал бир күн тутуп, бир күн оозу ачык жүргөн жана (душманга) жолукканда эч качан артка каччу эмес»,— деп айтты.
«إِنَّكَ لَتَصُومُ الدَّهْرَ، وَتَقُومُ اللَّيْلَ؟»، فَقُلْتُ: نَعَمْ، قَالَ: «إِنَّكَ إِذَا فَعَلْتَ ذَلِكَ هَجَمَتْ لَهُ العَيْنُ، وَنَفِهَتْ لَهُ النَّفْسُ، لاَ صَامَ مَنْ صَامَ الدَّهْرَ، صَوْمُ ثَلاَثَةِ أَيَّامٍ صَوْمُ الدَّهْرِ كُلِّهِ»، قُلْتُ: فَإِنِّي أُطِيقُ أَكْثَرَ مِنْ ذَلِكَ، قَالَ: «فَصُمْ صَوْمَ دَاوُدَ عَلَيْهِ السَّلاَمُ، كَانَ يَصُومُ يَوْمًا وَيُفْطِرُ يَوْمًا، وَلاَ يَفِرُّ إِذَا لاَقَى».
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абдулла ибн Амрдын (Аллах андан ыраазы болсун) жыл бою оозун ачпастан үзгүлтүксүз орозо кармай тургандыгы жана түнү бою уктабай намаз окуй тургандыгы тууралуу кабар жетти. Ошондо Пайгамбар аны мындан тыйды жана ага: "Орозо да карма, ооз да ач, (түнкүсүн намазга) тур жана укта", - деди. Аны орозону үзгүлтүксүз кармоодон жана түндү толугу менен ибадат (намаз) менен өткөрүүдөн тыйып, минтип айтты: «Эгер сен муну кылсаң, көзүң алсырап, чүңүрөйүп кетет, ал эми напсиң алсырап, чарчап-чаалыгат. Жыл бою (үзгүлтүксүз) орозо кармаган адам орозо кармаган болуп эсептелбейт. Себеп дегенде, ал тыюуга каршы чыккандыгы үчүн орозонун сообуна ээ болбойт, ошону менен бирге орозосун да ачкан эмес». Анан ага ар бир айда үч күн орозо кармоону насаат кылды, бул жыл бою орозо кармаганга барабар. Анткени ар бир (тутулган) күн он күнгө тете, ал эми бул — жакшы амал үчүн берилүүчү сооптун эң аз эселенүүсү. Абдуллах: «Менин мындан да көбүнө күчүм жетет»,- деп айтты. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Анда Дауд пайгамбардын орозосун тут! Ал — орозонун эң абзели. Ал бир күн орозо тутуп, бир күн оозун аччу. Ошондой эле душманга жолуккан учурда эч качан каччу эмес. Анткени мындай орозо тутуу ыкмасы анын денесин алсыраткан эмес».
Ар бир айда үч күн орозо кармоо — бүтүндөй бир жыл орозо кармаганга барабар. Анткени ар бир жакшылык үчүн он эсе сооп берилгендиктен, ал отуз күнгө теңелет. Ошентип, эгер адам ар бир айда үч күндөн орозо кармаса, жыл бою орозо кармагандай соопко ээ болот.
Жакшы амалдарды кылууга кызыктыруу, алардын жана аларды дайыма аткарып туруунун сообун айтуу — булар Аллахтын жолуна даават кылуунун ыкмаларынан болуп саналат.
Хаттаби минтип айткан: «Абдуллах ибн Амрдын окуясынын төркүнү мындай: Аллах Таала Өз пендесин жалгыз гана орозо тутуу менен ибадат кылууга буйруган эмес, тескерисинче, ибадаттардын ар кандай түрлөрүн аткарууга милдеттендирген. Эгерде ал бүт күч-аракетин орозого гана жумшаса, анда башка ибадаттарда кемчилик кетирмек. Ошондуктан башка ибадаттарга да күч-кубат калтыруу үчүн орозо тутууда орточо болуу абзел. Бул тууралуу Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Дауд пайгамбар жөнүндөгү: «Ал (душманга) жолукканда каччу эмес»,— деген сөзүндө ишарат кылынган. Анткени ал жихадга чыгууга күч топтоо үчүн кээде оозун ачып (орозо тутпай) жүрчү».
Ибадатта аша чаап, ашыкча тереңдеп кетүүдөн тыюу салынган, ал эми чыныгы жакшылык — Сүннөттү бекем карманууда.
Илим ээлеринин басымдуу бөлүгүнүн (жумхурдун) мазхабы боюнча, өмүр бою (үзгүлтүксүз) орозо кармоо — макрух. Ал эми адам өмүр бою орозо тутуу менен өз жанын кыйнап, ден соолугуна зыян келтирсе же өзүн азапка салса, ошондой эле Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана матоосу болсун) сүннөтүнөн жүз буруп, башка жолду андан артык деп эсептесе, анда бул — арам болуп саналат.
Сахих ал-Бухари (3/ 40) (1979).
Сахих Муслим (2/ 812) (1159).
Дагы (4)
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 214).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (3/ 297).