Skip to content

Бир адам Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Ассаламу алейкум", – дейт. Пайгамбар ага алик алды, андан кийин ал олтурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Он", – деди.

Имран ибн Хусейн (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир адам келип: "Ассаламу алейкум", - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алды, андан кийин ал адам олтурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Он», - деди. Андан кийин башка бирөө келип: "Ассаламу алейкум уа рахматуллох", - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алып, ал олтурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Жыйырма», - деди. Андан соң дагы бирөө келип: "Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатух", - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алып, ал олтурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Отуз», - деди.

جَاءَ رَجُلٌ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: السَّلَامُ عَلَيْكُمْ، فَرَدَّ عَلَيْهِ ثُمَّ جَلَسَ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «عَشْرٌ» ثُمَّ جَاءَ آخَرُ فَقَالَ: السَّلَامُ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَةُ اللَّهِ، فَرَدَّ عَلَيْهِ فَجَلَسَ، فَقَالَ: «عِشْرُونَ» ثُمَّ جَاءَ آخَرُ فَقَالَ: السَّلَامُ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَةُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ، فَرَدَّ عَلَيْهِ فَجَلَسَ، فَقَالَ: «ثَلَاثُونَ».

Абу Дауд, Тирмизи, Ахмад жана Дарими риваят кылган
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Бир адам Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Ассалааму алайкум" - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алып, анан ал олтурду. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага он сооп жазылды"- деп айтты. Андан соң башка бирөө келип: "Ассалааму алайкум уа рахматуллохи" - деди. Пайгамбарыбыз ага алик алып, анан ал отурду. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага жыйырма сооп" - деп айтты. Андан соң дагы бирөө келип: "Ассалааму алайкум уа рахматуллохи уа баракатуху" - деп айтты. Пайгамбарыбыз ага алик алып, анан ал олтурду. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага отуз сооп" - деп айтты. Б.а. ар бир сөзгө он сооп.

Хадистин пайдалары

Келген адам олтургандарга биринчи салам айтат.

Салам сөздөрүн көбөйтүү менен сооптун көбөйүүсү.

Салам берүүнүн эң толугу: (Ассаламу алайкум уа рахматуллохи уа баракатух), ал эми алик алуунун эң абзели: (Уалайкум ассалам уа рахматуллохи уа баракатух).

Салам берүү жана алик алуунун даражалары ар түрдүү жана анын сообу да ар түрдүү болот.

Элдерге жакшылыкты үйрөтүү жана аларды абзелирээгине жетүүгө эскертүү.

Ибн Хажар айтат: "Эгерде саламды баштоочу "уа рахматуллох" деп кошуп айтса, "уа баракатух" деп, кошуп айтуу мустахаб болот. Ал эми "уа баракатух" деп кошуп айтса, анда алик алууда кошумчалоого шариятта уруксат берилеби? Ошондой эле, эгер саламды баштоочу "уа баракатух"дан да ашырып кошуп айтса, буга шариятта уруксат берилеби? Имам Малик "Муватта китебинде" Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегенин риваят кылат: "Салам береке менен (уа баракатух сөзү менен) аяктайт."

Булактар

Сунан Абу Дауд (7/ 491) (5195).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 420) (2689).

Муснад Ахмад (33/ 170) (19948).

Сунан Абу Дауд (7/ 491) (5195).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 420) (2689).

Муснад Ахмад (33/ 170) (19948).

Дагы (16)

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (11/ 246).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 132).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 663).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 399).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (11/ 246).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 132).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 663).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 399).