Skip to content

"Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет".

Абу Хавра Саъидий айтат: Хасан бин Алиге (Аллах алардан ыраазы болсун): Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) угуп эстеп калган хадистериң барбы? - дедим. Ал: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин эстеп калгам:

"Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет".

«دَعْ مَا يَرِيبُكَ إِلَى مَا لاَ يَرِيبُكَ، فَإِنَّ الصِّدْقَ طُمَأْنِينَةٌ، وَإِنَّ الكَذِبَ رِيبَةٌ».

Ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамга шек-күмөн жараткан сөз болсун же иш болсун аны таштоого буйруган. Мейли ага тыюу салынган болсун, мейли тыюу салынбасын, мейли арам, мейли адал болсун. Анын ордуна шек-күмөнү жок, адалдыгы, жакшылыгы анык болгонду алсын. Ошондо жүрөк тынчтанат. Ал эми шектүү нерсе жүрөктү тынчсыздандыра берет.

Хадистин пайдалары

Мусулман адам өз ишин ачык-айкындыкка негиздеп, күмөндүү нерселерди ташташы керек. Дининде көрөгөч болуусу зарыл.

Шек-күмөндүү иштерге кирүүгө тыюу салынган.

Эгер бейпилдикти, ырахатты кааласаң, шектүү нерселерди таштап, аларды четке ыргыт.

Пенделерин жан дүйнөнү эс алдырган иштерге буйруп, тынчын кетирген иштерден тыйганы Аллах Тааланын ырайымдуулугунан.

Булактар

Сунан ан-Насааи (8/ 327) (5711).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 286) (2518).

Муснад Ахмад (3/ 248) (1723).

Дагы (5)

التحفة الربانية في شرح الأربعين حديثًا النووية.

لإسماعيل الأنصاري (ص29).

شرح الأربعين النووية.

لابن عثيمين (ص153).

فتح القوي المتين في شرح الأربعين وتتمة الخمسين للنووي وابن رجب (ص56).