Ким Аллах жолунда бир күн орозо кармаса, Аллах анын жүзүн тозоктон жетимиш жылга алыс кылат.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصيامصيام التطوع
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
«Ким Аллах жолунда бир күн орозо кармаса, Аллах анын жүзүн тозоктон жетимиш жылга алыс кылат».
«مَنْ صَامَ يَوْمًا فِي سَبِيلِ اللهِ بَاعَدَ اللهُ وَجْهَهُ عَنِ النَّارِ سَبْعِينَ خَرِيفًا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп баян кылган: Кимде-ким Аллахтын ыраазылыгы үчүн, Андан гана сооп-сыйлыктарды үмүт кылып, жихад үстүндө (ошондой эле жихаддан башка учурларда да деп айтылган) бир күн орозо кармаса, анда Аллах Өзүнүн пазилети менен ал адамды тозок отунан жетимиш жылдык аралыкка алыстатат».
Имам Навави (Аллах ага ырайым кылсын) мындай дейт: «Аллах жолунда орозо кармоонун бул артыкчылыгы — орозодон улам алсырап зыян тартпаган, орозо себептүү милдеттүү болгон бир дагы акыны (башкалардын укугун) колдон чыгарбаган, ошондой эле согушуусуна жана казаттын башка маанилүү иштерине доо кетпеген (кедергиси тийбеген) адамдарга гана тиешелүү».
Нафил орозо кармоого үндөө жана кызыктыруу.
Орозону рия (эл көрсүн), сүмъа (угуусун каалоо) же башка бир максаттар үчүн эмес, калыс ниет жана чын ыклас менен бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөп кармоо — важиб (милдет).
Имам Синди мындай дейт: Пайгамбардын «Аллах жолунда» деген сөзүнөн бир гана ниетти оңдоо (калыс Аллах үчүн кылуу) максат кылынышы мүмкүн, же казатка (согушка) чыккан абалында орозо кармоо максат кылынышы да ыктымал. Ал эми бул эки маанинин ичинен экинчиси — дароо акылга биринчи келе турган маани».
Ибн Хажар мындай дейт: «Анын "жетимиш күз" деген сөзүндөгү күз — жылдын белгилүү бир мезгили болгону менен, бул жерде андан максат — жылды (жыл убактысын) билдирет. Башка мезгилдерди (жаз, жай, кыш) эмес, өзгөчө күздүн тандалып айтылышынын себеби — анын жыл мезгилдеринин эң берекелүүсү экендигинде. Анткени дал ушул учурда түшүм бышып, мөмө-жемиштер жыйналат».
Сахих ал-Бухари (4/ 26) (2840).
Сахих Муслим (2/ 808) (1153).
Сахих ал-Бухари (4/ 26) (2840).
Сахих Муслим (2/ 808) (1153).
Дагы (16)
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص346).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.
لابن عثيمين (3/ 465).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
لابن باز (ص426).
خلاصة الكلام على عمدة الأحكام.
لفيصل آل مبارك (ص162).
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص346).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.
لابن عثيمين (3/ 465).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
لابن باز (ص426).
خلاصة الكلام على عمدة الأحكام.
لفيصل آل مبارك (ص162).