О Аллахтын элчиси, мал-жандыгыбыз кырылды, жолдор буулду, бизге жамгыр тилеп Аллахка дуба кылыңыз.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةصلاة الاستسقاء
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Жума күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпа айтып жатканда, «Дар ал-Каза» жактагы эшиктен мечитке бир киши кирип: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) маңдайына туруп, «Эй, Аллахтын элчиси, (кургакчылыктан) мал-жандыктар кырылып, жолдор буулуп калды. Аллахка дуба кыл, бизге жамгыр берсин» - деп айтты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки колун көтөрүп: «О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр! О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр! О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр!» - деди. Анас айтат: «Аллахка ант болсун, биз асманда булутту да, булуттун бир үзүмүн да көргөн жокпуз. Биз менен "Саль" (тоосунун) ортосунда эч кандай үй же имарат жок болчу. Анан тоонун артынан калкандай болгон булут чыкты. Ал асмандын ортосуна келип жайылып, анан жамгыр жаай баштады. Аллахка ант болсун, биз алты күн бою күндүн көзүн көргөн жокпуз. Кийинки жума Аллахтын лчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп кутпа айтып жатканда, бир киши ошол эле эшиктен кирип келди да, анын маңдайына туруп: «Эй, Аллахтын элчиси, (жамгырдын айынан) мал-жандык кырылып, жолдор жабылды. Аллахка дуба кыл, бизден жамгырды токтотсун» - деди. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колун көтөрүп, мындай деди: «О Аллахым, биздин үстүбүзгө эмес, айланабызга (жаадыр). О Аллахым, дөңсөөлөргө, тоолорго, өрөөндөрдүн түбүнө жана дарак өскөн жерлерге (жаадыр)». Анас айтат: «Жамгыр тык токтоп, биз жаркыраган күнгө чыктык». Шарик айтат: «Мен Анас ибн Маликтен: «Ал баягы биринчи киши беле?» - деп сурасам, ал: «Билбейм» - деп жооп берди».
أَنَّ رَجُلًا دَخَلَ المَسْجِدَ يَوْمَ جُمُعَةٍ مِنْ بَابٍ كَانَ نَحْوَ دَارِ القَضَاءِ، وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمٌ يَخْطُبُ، فَاسْتَقْبَلَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمًا، ثُمَّ قَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، هَلَكَتِ الأَمْوَالُ وَانْقَطَعْتِ السُّبُلُ، فَادْعُ اللَّهَ يُغِيثُنَا، فَرَفَعَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَيْهِ، ثُمَّ قَالَ: «اللَّهُمَّ أَغِثْنَا، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا» قَالَ أَنَسٌ: وَلا وَاللَّهِ، مَا نَرَى فِي السَّمَاءِ مِنْ سَحَابٍ وَلَا قَزَعَةً، وَمَا بَيْنَنَا وَبَيْنَ سَلْعٍ مِنْ بَيْتٍ وَلَا دَارٍ، قَالَ: فَطَلَعَتْ مِنْ وَرَائِهِ سَحَابَةٌ مِثْلُ التُّرْسِ، فَلَمَّا تَوَسَّطَتِ السَّمَاءَ انْتَشَرَتْ، ثُمَّ أَمْطَرَتْ، فَلَا وَاللَّهِ، مَا رَأَيْنَا الشَّمْسَ سِتًّا، ثُمَّ دَخَلَ رَجُلٌ مِنْ ذَلِكَ البَابِ فِي الجُمُعَةِ، وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَائِمٌ يَخْطُبُ، فَاسْتَقْبَلَهُ قَائِمًا، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، هَلَكَتِ الأَمْوَالُ، وَانْقَطَعَتِ السُّبُلُ، فَادْعُ اللَّهَ يُمْسِكْهَا عَنَّا، قَالَ: فَرَفَعَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدَيْهِ، ثُمَّ قَالَ: «اللَّهُمَّ حَوَالَيْنَا وَلَا عَلَيْنَا، اللَّهُمَّ عَلَى الآكَامِ وَالظِّرَابِ، وَبُطُونِ الأَوْدِيَةِ، وَمَنَابِتِ الشَّجَرِ» قَالَ: فَأَقْلَعَتْ، وَخَرَجْنَا نَمْشِي فِي الشَّمْسِ، قَالَ شَرِيكٌ: سَأَلْتُ أَنَسَ بْنَ مَالِكٍ: أَهُوَ الرَّجُلُ الأَوَّلُ؟ فَقَالَ: «مَا أَدْرِي».
Жума күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп элге кутпа айтып жатканда, бир чөлдүк киши мечиттин батыш тарабындагы Умар ибн-Хаттабдын (ага Аллах ыраазы болсун) үйүнүн тушундагы эшиктен пайгамбарыбыздын мечитине кирип келет да, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бет маңдайына туруп: «Эй, Аллахтын элчиси, малдар кырылып, жүргүнчү ташыган улоолор өлгөндөн же ачкалыктан алсырагандыктан улам жолдо каттоо болой калды. Аллахка дуба кыл, бизге жамгыр жаадырсын» - деди. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колун көтөрүп, мындай деди: «О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр. О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр. О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр». Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллага ант болсун, биз асманда бир үзүм да булутту көргөн жокпуз. Мечиттеги биз менен мечиттин батыш тарабындагы булуттар учуп келе турган "Сала" тоосунун ортосунда булутту көрүүгө тоскоол боло турган эч бир үй да, короо-жай да жок эле. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан ошол тоонун артынан калканга, б.а. кичинекей тактага окшогон тегерек булут чыкты. Ал Мадинанын үстүнө келгенде жайылып кетти да, анан жамгыр жаады. Аллахка ант ичем, жамгырдын себебинен кийинки жумага чейин күндү көргөн жокпуз. Кийинки жума Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпа айтып турган мезгилде, ошол эле киши баягы эшиктен кирип келди да, тик турган бойдон ага кайрылып: «Эй, Аллахтын элчиси, малдар кыйрап, жолдор үзүлдү. Аллахка дуба кыл, бизден жамгырды токтотсун» - деди. Анас айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колун көтөрүп, анан мындай деди: «О, Аллах! Жамгырды бизге эмес, айланабызга бур. О, Аллах! Жердин дөңсөө бийик жерлерине, кичинекей тоолорго, өрөөндөргө жана токойлорго жаадыр». Анас минтип айтат: "Жамгырлуу булут тарап, биз чыкканда күн ачык эле".
Ырыскы издөө үчүн дуба кылуу жана жер бетинде сапар тартуу сыяктуу себептерди аткаруу Аллах Таалага тобокел кылууга каршы келбейт.
Жамгыр тилөө үчүн пайгамбарыбыздын ушул дубасын айтуу мустахаб.
Жамгырдан зыянга учураган учурда ачык аба ырайын – күндүн ачылышын жана жамгырдын токтошун – тилөөгө шариятта уруксат берилет. Жамгырдын дөңсөөлөргө, тоо-таштарга жана өзөн-өрөөндөргө жаашын тилөө өзгөчө белгиленген, анткени ал жерлер дыйканчылык кылууга жана мал жаюуга көбүрөөк ылайыктуу.
Тирүү жаныңда турган, салих жана такыба деп эсептелген адамдардан дуба кылуусун суроо жайыз. Бул – уруксат берилген тавассул (ортомчулук). Ал эми макулуктардын биринин даража-баркы менен тавассул кылууга келсек, ал тирүү болобу же өлгөн болобу, буга уруксат эмес. Анткени бул Аллахка шерик кошууга алып баруучу жолдордон болуп саналат.
Көп дуба кылуу жана кайра-кайра кайталоо шариятта көрсөтүлгөн.
Жума күнү зарылчылык имамга сүйлөөгө уруксат.
Жамгырды жаадырууда жана аны токтотууда Аллахтын укмуштуудай кудуреттүүлүгүнүн көрүнүшү.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жамгырды зыяны жок нерселерден эмес, зыяны бар нерселерден токтотууну дуба кылуусундагы даанышмандыгы.
Кутпада жамгыр тилөө шариятта каралган.
Дуба кылганда колду көтөрүү; себеби мында муктаж болуу жана эки колуна берилеринен үмүт кылуу мааниси бар. Аалымдар бул абалда колду көтөрүүгө бир ооздон макулдашкан.
Аллахтын элчисинин пайгамбарлыгын билдирген аят-белгилеринин бири: чынында, анын жамгыр жаадырууда жана аны токтотууда кылган дубасы заматта кабыл болду.
Сахих ал-Бухари (2/ 28) (1014).
Сахих Муслим (2/ 612) (897).
Сахих ал-Бухари (2/ 28) (1014).
Сахих Муслим (2/ 612) (897).
Дагы (12)
تيسير العلام.
للبسام (ص268).
تنبيه الأفهام.
لابن عثيمين (2/ 339).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 215).
تيسير العلام.
للبسام (ص268).
تنبيه الأفهام.
لابن عثيمين (2/ 339).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 215).
Китептерде келтирилген
9 Китептер- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم«Оо, Аллах, бизге жамгыр бер! Оо, Аллах, бизге жамгыр бер! Оо, Аллах, бизге жамгыр бер!» [215].
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم"Аллахумма агиснаа, Аллахумма агиснаа, Аллахумма агиснаа"
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم«Оо, Аллах! Бизге эмес, айланабызга: адырларга, тоо-таштарга, коктуларга жана дарак өскөн жерлерге жаадыр»[219].
- Куранда жана сүннөттө келген зикр-дубалардан турган мусулмандын коргонуحصن المسلم"Аллахумма хаваалайнаа ва лаа ъалайнаа, Аллахумма ъалал-аакаами ваз-зирааби, ва бутуунил-авдияти, ва манаабитиш-шажар"
Дагы (5)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"اللهم أغثنا، اللهم أغثنا، اللهم أغثنا ... " .
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"اللهم حوالينا ولا علينا. اللهم على الآكام والظرَابِ، وبطون الأوديةِ، ومنابت الشجر".
- رسالة في الأذكار1«اللَّهُمَّ أَغِثْنَا، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا، اللَّهُمَّ أَغِثْنَا».
- مشروع المنهج التعليميمادة التوحيد مستوى 4 «اللهُمَّ أَغِثْنَا، اللهُمَّ أَغِثْنَا، اللهُمَّ أَغِثْنَا»،
- مشروع المنهج التعليميمادة التوحيد مستوى 4 «اللهُمَّ أَغِثْنَا، اللهُمَّ أَغِثْنَا، اللهُمَّ أَغِثْنَا»