Бир адам башка бирөөнү фасык (бузуку) деп айыптаса, же каапыр деп айыптаса, бирок ал андай эмес болсо, айтканы өзүнө кайтат.
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإسلامنواقض الإسلامالكفر
Абу Зардан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят, ал пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтып жатканын уккан:
«Бир адам башка бирөөнү фасык (бузуку) деп айыптаса, же каапыр деп айыптаса, бирок ал андай эмес болсо, айтканы өзүнө кайтат».
«لاَ يَرْمِي رَجُلٌ رَجُلًا بِالفُسُوقِ، وَلاَ يَرْمِيهِ بِالكُفْرِ، إِلَّا ارْتَدَّتْ عَلَيْهِ، إِنْ لَمْ يَكُنْ صَاحِبُهُ كَذَلِكَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким башка бирөөгө: «Сен бузукусуң» же «Сен каапырсың» деп айтса, эгерде ал айткандай болбосо, өзү ошол айтылган сыпатка ылайыктуу болуп каларын жана айткандары кайра өзүнө кайтарын эскерткен. Ал эми ал айткандай болсо, айтканында чынчыл болгондугу үчүн ага эч нерсе кайтпайт.
Шарияттык негизи жок эле адамдарды каапыр же фасык деп айыптоо - арам.
Адамдарга өкүм чыгарууда тактоо милдет.
Ибн Дакик ал-Ийд мындай деген: Бул – мусулмандардын бирин, ал андай болбосо да, каапырга чыгарган адамга чоң азапты убада кылуу. Жана бул – чоң балээ.
Ибн Хажар ал-Аскалани мындай деген: "Бирок анын муну менен фасык же каапыр болуп калбоосу, ага: «Сен фасыксың» - деп айткан учурда күнөөкөр болбойт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, бул учурда кеңири түшүндүрмө бар: Эгерде ал ага насаат айтууну, же болбосо анын абалын баяндоо менен башкаларга насаат айтууну ниет кылса, уруксат берилет. Ал эми аны жемелөөнү, муну менен анын атын чыгарып уяткарууну жана зыян жеткирүүнү гана ниет кылса, уруксат берилбейт. Анткени ал анын кемчилигин жашырууга, жакшы жол менен таалим берип, насаат айтууга буйрулган. Ошондуктан муну жумшактык менен аткаруу мүмкүн болсо, анда катуулук кылып жемелөөгө уруксат берилбейт. Анткени бул, көптөгөн адамдардын табиятындагы намыскөйлүктөн улам, анын ошол ишке өжөрлөнүп, уланта берүүсүнө себеп болуп калышы мүмкүн. Өзгөчө, буйруган (насаат айткан) адамдын даражасы буйрук берилген (насаат уккан) адамдын даражасынан төмөн болгон учурда".
Сахих ал-Бухари (8/ 15) (6045).
Сахих Муслим (1/ 79) (61).
Сахих ал-Бухари (8/ 15) (6045).
Сахих Муслим (1/ 79) (61).
Дагы (20)
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1073).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (18/ 446).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (3/ 82).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 220).
التنوير شرح الجامع الصغير.
للصنعاني (9/ 275).
نزهة المتقين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1073).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (18/ 446).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (3/ 82).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 220).
التنوير شرح الجامع الصغير.
للصنعاني (9/ 275).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (4)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«لا يَرمي رجُلٌ رجُلاً بالفسْقِ أو الكُفْرِ إلَّا ارتَدَّتْ عليْه، إنْ لمْ يَكُنْ صاحبُهُ كذلكَ».
- مادة العقيدة الإسلامية(لا يَرْمِي رَجُلٌ رَجُلًا بِالْفُسُوقِ، وَلا يَرْمِيهِ بِالْكُفْر، ِ إِلَّا ارْتَدَّتْ عَلَيْهِ، إِنْ لَمْ يَكُنْ صَاحِبُهُ كَذَلِكَ )[176].
- مجموعة زاد العقيده (4)العقيدة 4«لا يَرْمِي رَجُلٌ رَجُلًا بِالفُسُوقِ، وَلا يَرْمِيهِ بِالكُفْر، إِلَّا ارْتَدَّتْ عَلَيْهِ، إِنْ لَمْ يَكُنْ صاحِبُهُ كَذَلِكَ».
- نبراس طالب (4)1«لاَ يَرْمِي رَجُلٌ رَجُلًا بِالفُسُوقِ، وَلاَ يَرْمِيهِ بِالكُفْرِ، إِلَّا ارْتَدَّتْ (رجعت)عَلَيْهِ، إِنْ لَمْ يَكُنْ صَاحِبُهُ كَذَلِكَ»