Skip to content

"Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы".

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы".

«لَأَنْ أَقُولَ: سُبْحَانَ اللهِ، وَالْحَمْدُ لِلهِ، وَلَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَاللهُ أَكْبَرُ، أَحَبُّ إِلَيَّ مِمَّا طَلَعَتْ عَلَيْهِ الشَّمْسُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул улук сөздөр менен Аллах Тааланы зикир кылуу дүйнө жана андагынын баарынан жакшы экендигин айткан. Бул сөздөр: "Субхан Аллоохи": Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо. "Алхамду лиллаахи": Улуктоо жана махабат менен бирге Аллах Тааланы толук сыпаттары менен мактоо. "Лаа илааха иллаллооху": Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок. "Аллаху акбар": Бардык нерседен улук, чоң.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Аллахты зикир кылууга кызыктыруу, анткени зикир күн тийген нерсенин баарынан артык.

Сообу жана артыкчылыктары көп болгону үчүн зикирди көбөйтүү зарыл.

Дүйнөнүн пайдаланчу нерселери аз жана анын ырахаты да убактылуу.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2072) (2695).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 496).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (5/ 485).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخِن وغيره (2/ 970).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل المبارك (ص772).