«Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».
«اللهم لا تجعل قبري وثنًا، لعن الله قومًا اتخذوا قبور أنبيائهم مساجد».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) раббисинен дуба кылып, анын кабырын адамдар улуктап, ага сажда кылып өөп сыйынуусунан сактоону сурады. Андан кийин Аллах Пайгамбарлардын кабырын мечитке (ибадат жайына) айланткан адамдарды Өз мээриминен алыстатты жана чыгарып салды. Анткени пайгамбарлардын кабырларын мечит кылып алуу аларга ибадат кылууга жана алар пайда жана зыян берет деп ишенүүгө жол ачат.
وثنًا: والوثن كل ما عبد من دون الله كالقبور والأشجار والحيطان والأحجار ونحوِها.
Пайгамбарлардын жана солих инсандардын кабырын шарият койгон чектен чыгып улуктап жиберүү аларга ибадат кылууга, башкача айтканда Аллахтан башкага ибадат кылууга алып барат. Ошондуктан ширкке алып баруучу жолдордон алыс болуу керек.
Кабырда жаткан адам канчалык Аллахка жакын инсан болбосун анын кабырынын алдында ибадат кылууга жана кабырларды улуктоого тыюу салынат.
Кабырлардын үстүнө мечит куруу арам.
Кабырлардын жанында жаназа намазын гана окууга болот, андан башка намаздарды окуу арам кылынган.
Муснад Ахмад (12/ 314) (7358).
Дагы (12)
فتح المجيد شرح كتاب التوحيد.
لعبد الرحمن التميمي (1/ 434).
القول المفيد على كتاب التوحيد.
لمحمد بن عثيمين (1/ 434).
الملخص في شرح كتاب التوحيد.
لصالح الفوزان (ص178).
الجديد في شرح كتاب التوحيد.
لمحمد القرعاوي (ص194).
التمهيد لشرح كتاب التوحيد.
لصالح آل الشيخ (ص51).
مشكاة المصابيح.
للتبريزي (1/ 234).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- الأسئلة المختارة من قاموس الأسئلة الشائعة حول الإسلامقسم النبوة«اللَّهُمَّ لَا تَجْعَلْ قَبْرِي وَثَنًا، لَعَنَ اللَّهُ قَوْمًا اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ»
- موسوعة الأسئلة (المجموعة الأولى)«اللَّهُمَّ لَا تَجْعَلْ قَبْرِي وَثَنًا، لَعَنَ اللَّهُ قَوْمًا اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ»