Skip to content

"Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди.

Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси ансарлардан бир аялга (Ибн Аббас анын атын айтты эле, мен унутуп калдым): "Эмненин айынан биз менен ажыга барбай калдың?" - деди. Ал: Бизде эки төөбүз бар эле, анын бирин минип күйөөм менен балам ажыга кетти. Экинчисин суу ташып ичкенге пайдаланып жатканбыз" - деди. "Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِامْرَأَةٍ مِنَ الْأَنْصَارِ سَمَّاهَا ابْنُ عَبَّاسٍ فَنَسِيتُ اسْمَهَا: «مَا مَنَعَكِ أَنْ تَحُجِّي مَعَنَا؟» قَالَتْ: لَمْ يَكُنْ لَنَا إِلَّا نَاضِحَانِ فَحَجَّ أَبُو وَلَدِهَا وَابْنُهَا عَلَى نَاضِحٍ وَتَرَكَ لَنَا نَاضِحًا نَنْضِحُ عَلَيْهِ، قَالَ: «فَإِذَا جَاءَ رَمَضَانُ فَاعْتَمِرِي، فَإِنَّ عُمْرَةً فِيهِ تَعْدِلُ حَجَّةً».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгынан келгенден кийин, ансарлардан ажыга барбай калган бир аялга кайрылып: "Биз менен ажыга баруудан сени эмне тосуп калды?" - деп сурайт. Аял аларда эки төөсү болгонун, анын бирин күйөөсү менен баласы минип ажыга кеткенин, экинчисин үйдө калгандарга кудуктан суу ташып ичип туруу үчүн калтырышканын айтып үзүрүн билдирет. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Рамазан айында умра кылуу ажылык кылгандай сооптуу болорун айтты.

Хадистин пайдалары

Рамазан айындагы умра артыкчылыктуу болот.

Рамазан айында аткарылган умра сообу жагынан ажыга тете болот, бирок ажылыктын милдетин моюндан түшүрбөйт.

Иш-амалдардын сооп-сыйлыгы убакыттын артыкчылыгына карап көбөйөт. Буга Рамазан айындагы иш-амалдар да кирет.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 19) (1863).

Сахих Муслим (2/ 917) (1256).

Дагы (6)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 403).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخِن وغيره (2/ 896).

المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.

للنووي (9/ 2).