Skip to content

Жаназаны жерге берүүгө шашылгыла. Анткени, эгер ал жакшы адам болсо, аны жакшылыкка жеткирген болосуңар. Ал эми андай болбосо, мойнуңардагы жамандыкты түшүргөн болосуңар.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Жаназаны жерге берүүгө шашылгыла. Анткени, эгер ал жакшы адам болсо, аны жакшылыкка жеткирген болосуңар. Ал эми андай болбосо, моюнуңардагы жамандыкты түшүргөн болосуңар."

«أَسْرِعُوا بِالْجِنَازَةِ، فَإِنْ تَكُ صَالِحَةً فَخَيْرٌ تُقَدِّمُونَهَا، وَإِنْ يَكُ سِوَى ذَلِكَ، فَشَرٌّ تَضَعُونَهُ عَنْ رِقَابِكُمْ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) маркумду даярдоого, ага жаназа окууга жана аны көмүүгө шашылууну буйруган. Эгер ал жакшы адам болсо, анда аны жакшылыкка – кабыр нээматтарына алып барасыңар. Эгер андай болбосо, анда жамандыкты ийниңерден түшүрүп саласыңар.

Хадистин пайдалары

Ибн Хажар мынтип айткан: "Маркумду жерге берүүдө шашылуу мустахаб, бирок маркумга зыян жетишинен, же аны көтөрүп же узатып бараткан адамдарга кыйынчылык жаралышынан коркулгудай даражада ылдамдатпоо керек."

Өлгөн адамды жерге берүүгө шашылуу өлүмдүн кокусунан болбогондугу жана эстен тануу эмес бекен деген коркунучтун жоктугу менен чектелет. Ошондуктан, анын өлгөндүгү толук тастыкталмайынча жерге берилбөөсү зарыл. Ошондой эле, дененин бузулуп кетүү коркунучу болбогон шартта, жаназа окуучулардын көп болуусу же туугандарынын келиши сыяктуу жакшы максаттар үчүн көмүүнү бир аз кечиктирүүгө болот.

Эгер маркум жакшы адам болсо анын пайдасы үчүн, же жаман адам болсо узатуучулардын пайдасы үчүн сөөктү алып барууга шашылуу зарыл.

Имам Навави мынтип айткан: "Бул хадистен салих эмес, бекерчи адамдар менен достошууну таштоо керек деген сабак алынат."

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 86) (1315).

Сахих Муслим (2/ 651) (944).

Сахих ал-Бухари (2/ 86) (1315).

Сахих Муслим (2/ 651) (944).

Дагы (8)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص284).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 367).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص284).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 367).