Skip to content

Ким эки кызды бойго жеткенге чейин багып өстүрсө, Кыямат күнү мен менен ал (ушундай) келет - деп, манжаларын бириктирди.

Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Ким эки кызды бойго жеткенге чейин багып өстүрсө, Кыямат күнү мен менен ал (ушундай) келет» - деп, манжаларын бириктирди.

«مَنْ عَالَ جَارِيَتَيْنِ حَتَّى تَبْلُغَا جَاءَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَنَا وَهُوَ» وَضَمَّ أَصَابِعَهُ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимге эки кыз же эки эже-карындаш берилип, алар чоңоюп бойго жеткенге чейин багып, тарбиялап, жакшылыкка багыттап, жамандыктан кайтарып жана ушул сыяктууларды кылып багып каралашса, кыямат күнү ал адам менен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушундай (жакын) келерин кабарлап, сөөмөйү менен ортоңку манжаларын бириктирди.

Хадистин пайдалары

Кыздарды же эже-карындаштарды бойго жеткенге же турмушка чыкканга чейин багып-чоңойтуп, тарбиялаган жана камкордукка алган адам үчүн улуу сооп-сыйлык бар.

Кыздарга кам көрүүнүн сообу уулдарга кам көрүүнүн сообунан улуураак; анткени алар (уулдар) тууралуу мындай сооптор айтылган эмес. Мунун себеби — кыздарды багуу жана алардын иштерине көңүл буруу уул балдардын иштерине караганда машакаттуураак (чоңураак) келет. Анткени алар аярлуу жан болгондуктан, өз иштерин өздөрү түздөн-түз аткарып, уулдар сыяктуу аракеттене алышпайт. Ошондой эле, ата уул баладан күткөндөй: душмандарга каршы өзүнө күч-кубат болорун, атын өчүрбөй, тукумун улантарын жана ушул сыяктуу нерселерди кыздардан үмүт кылбайт. Мына ушундан улам, кыздарды баккан адамдан сабырдуулук, ыкластуулук жана жакшы ниет талап кылынат. Мына ушул себептен анын сообу улуу болуп, кыямат күнү ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолдошу болот.

Аялзатынын балагатка (бойго жеткендиги) жеткендигинин белгилери: он беш жашка толуусу, же он беш жашка жете элек болсо да айыз канынын келүүсү, же аврат жерлерине калың түктүн чыгуусу, же түшүркөөсү, башкача айтканда, түш көргөндө уруктук суунун чыгуусу.

Куртуби айткан: "«Ал экөөнүн бойго жетиши» деген сөз — алардын өз алдынча жашай ала турган абалга келишин түшүндүрөт. Ал эми аялзатында бул абал алар күйөөгө тийип, никеси орундалганда (жаңы үйүнө кадам басканда) гана ишке ашат. Бул жерде максат — кыздын жөн гана этек кири келип, шарият милдеттери жүктөлгөн (балагат) курагы эмес. Анткени, кыз бала ага чейин эле турмушка чыгып, күйөөсүнүн камкордугуна өтүп, өзүн баккан адамга муктаж болбой калышы мүмкүн. Же тескерисинче, кыз баланын этек кири келгени менен, ал өз кызыкчылыктарын жана иштерин дагы деле өз алдынча чече алгыдай абалда болбойт. Эгер ал кароосуз калтырылса, анда ал кор болуп, абалы бузулат. Тескерисинче, ал мындай абалда корголууга, сакталууга жана ага камкордук кыла турган адамга көбүрөөк акылуу, муктаж болот. Бул анын аруулугу толук сакталып, ага үйлөнүүнү каалагандар чыкканга чейин уланат. Ушул мааниден улам биздин аалымдарыбыз: "Кыз бала балагатка жеткенде эле атасынын ага нафака (багуу, каржылоо) берүү милдети түшүп калбайт, ал милдет кыз күйөөсүнүн үйүнө киргенде гана түшөт", – деп айтышкан."

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2027) (2631).

Дагы (10)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 352).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص198).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (5/ 144).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 105).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 276).