Эки чоң нээмат (жакшылык) бар. Адамдардын көбү ал экөөнүн кадырына жетпей алданып калышат: алар — ден соолук жана бош убакыт.
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт:
«Эки чоң нээмат (жакшылык) бар. Адамдардын көбү ал экөөнүн кадырына жетпей алданып калышат: алар — ден соолук жана бош убакыт».
«نِعْمَتَانِ مَغْبُونٌ فِيهِمَا كَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ: الصِّحَّةُ وَالفَرَاغُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын адам баласына берген эки улуу нээматы (жакшылыгы) тууралуу кабарлаган. Көпчүлүк адамдар бул эки нээматты туура эмес багытка жумшап, зыянга учурашат. Эгерде адамда ден соолук менен бош убакыт бирдей кездешип, бирок ал жалкоолукка алдырып, ибадат кылуудан баш тартса, анда ал — зыян тартуучу (утулуучу). Анткени адамдардын көбүнүн абалы дал ушундай. Ал эми ким бош убактысы менен ден соолугун Аллахка баш ийүүгө (ибадатка) жумшаса, анда ал — утуучу. Себеби бул дүйнө — акыреттин эгин талаасы жана андагы сооданын пайдасы акыретте билинет. Бош убакыттан кийин алек болуу (жумуш), ал эми ден соолуктан кийин оору келет. Эч нерсе болбогондо да, карылыктын өзү эле жетиштүү.
Милдеткер (мукаллаф) адамды соодагерге, ал эми ден соолук менен бош убакытты башкы капиталга (негизги байлыкка) окшоштурулат. Ким өз капиталын туура жана жакшы пайдаланса, ийгиликке жетип, пайда көрөт. Ал эми ким аны текке кетирип, ысырап кылса, зыян тартып, өкүнүчтө калат.
Ибн Хазин айткан: «Жакшылык – бул адам ырахаттанган жана лаззат алган нерсе. Ал эми алдануу – бул бир нерсени өз баасынан бир нече эсе кымбат сатып алуу же чыныгы баасынан арзан сатуу. Демек, кимдин ден-соолугу чың болуп жана алаксыткан иштерден колу бошоп туруп, акыретинин жакшылыгы үчүн аракет кылбаса, анда ал соодада алданып калган адам сыяктуу».
Аллахка жакындашуу үчүн дени сак жана бош кезди туура пайдаланып, убактысы өтүп кеткенче жакшы амалдарды аткарып калууга аракет кылуу зарыл.
Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылуу аларды Аллах Таалага моюн сунууда колдонуу менен болот.
Казы жана Абу Бакр ибн Араби айтышкан: «Аллахтын пендесине берген эң алгачкы жакшылыгы тууралуу ар кандай пикирлер айтылган. Кээ бирөөлөр: "Ыйман" десе, кээ бирөөлөр: "Жашоо", ал эми башкалары: "Ден-соолук" деп айтышкан. Биринчи пикир туурараак, анткени ал чексиз жакшылык. Ал эми жашоо жана ден-соолук – алар дүйнөлүк гана жакшылыктар жана алар ыйман менен коштолгондо гана чыныгы жакшылык боло алат. Мына ушул учурда көптөгөн адамдар алданып зыянга учурашат. Башкача айтканда алардын пайдасы кетет же азаят. Кимде-ким жамандыкка буйруган жана рахатты эңсеген напсисине жетеленип, шариат чектерин бекем сактоону жана Ага моюн сунууну таштаса, анда ал алданган болот. Ошондой эле бош убактысы бар адамдын абалы да дал ушундай. Анткени бир иш менен алек болгон адамдын (ибадатка убактысы тийбей калса) бош адамдан айырмаланып, шылтоосу (үзүрү) болушу мүмкүн. Ал эми бош адамдын эч кандай шылтоосу калбайт да, ага каршы далил тикеленет».
Сахих ал-Бухари (8/ 88) (6412).
Дагы (8)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 131).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 65).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 180).
تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.
للمباركفوري (6/ 485).