Skip to content

"Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет".

Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айткан хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

"Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет".

«سَوُّوا صُفُوفَكُمْ، فَإِنَّ تَسْوِيَةَ الصَّفِّ مِنْ تَمَامِ الصَّلَاةِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуучуларды сапка тегиз турууга, бири-биринен алдыга же артка туруп албоого буйруган. Сапта тегиз туруу намаздын толук болуусуна өбөлгө. Саптын ийрилиги же бош орундун калуусу - намаздын кемчилиги.

Хадистин пайдалары

Намаздын толук болуусуна жана аны кемчиликтен сактоого кам көрүү шарияттын талабы.

Таалим берүүдө пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даанышмандыгы чоң. Ал дайыма өкүм айтканда анын себебин кошо айтчу. Муну ал шарияттын өкүмүн баяндоо үчүн жана адамдарды ошого кызыктыруу үчүн айтчу.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 145) (723).

Сахих Муслим (1/ 324) (433).

Дагы (6)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص127).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 161).

الإفهام في شرح عمدة الأحكام.

لابن باز (ص173).