Skip to content

"Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?"

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

"Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?" Кирден эч нерсе калбайт - дешти (сахабалар). Ал: "Беш убак намаз да ушул сыяктуу, Аллах намаз аркылуу күнөөлөрдү жууйт" - деди.

«أَرَأَيْتُمْ لَوْ أَنَّ نَهَرًا بِبَابِ أَحَدِكُمْ يَغْتَسِلُ فِيهِ كُلَّ يَوْمٍ خَمْسًا، مَا تَقُولُ ذَلِكَ يُبْقِي مِنْ دَرَنِهِ؟» قَالُوا: لَا يُبْقِي مِنْ دَرَنِهِ شَيْئًا، قَالَ: «فَذَلِكَ مِثْلُ الصَّلَوَاتِ الخَمْسِ، يَمْحُو اللَّهُ بِهِ الخَطَايَا».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күнүмдүк беш убак намазды майда күнөөлөрдү жана каталарды өчүрүүдө бирөөнүн эшигинин алдында агып жаткан дарыяга окшоштурган. Ал киши дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, денесинде эч кандай кир калбайт.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Бул артыкчылык майда күнөөлөргө эле тиешелүү, ал эми чоң күнөөлөргө тообо кылуу зарыл.

Беш убак намазды шарттары, үрүкүндөрү, важиптери жана сүннөттөрү менен калтырбай толук аткаруу ушундай артыкчылыктуу иш.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 112) (528).

Сахих Муслим (1/ 462) (667).

(1/ 282).

Дагы (7)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

مجموعة من الباحثين (2/ 773).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص610).

المعجم الوسيط.

النهاية في غريب الحديث والأثر.

لابن الأثير (2/ 115).