"Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".
«مَنْ قَالَ: سُبْحَانَ اللهِ وَبِحَمْدِهِ، فِي يَوْمٍ مِائَةَ مَرَّةٍ، حُطَّتْ خَطَايَاهُ وَإِنْ كَانَتْ مِثْلَ زَبَدِ الْبَحْرِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким бир күндө жүз жолу "субханаллохи ва бихамдихи" деп айтса, анын каталары өчүрүлүп жана кечирилерин кабарлаган. Эгер анын күнөөлөрү албууттанып толкундаган деңиздин бетинде пайда болгон ак көбүктөрдөй көп болсо дагы.
Мындай сооп бул сөздү күндө катары менен айткан адамга да, бөлүп-бөлүп айткан адамга да берилет.
Тасбих: Аллах Тааланы кемчиликтен таза деп аруулоо. Ал эми тахмид: Аллах Тааланы сүйүү жана улуктоо менен Анын кемелдүүлүгүн сыпаттоо.
Хадисте айтылган күнөөлөр кичине күнөөлөр. Ал эми чоң күнөөлөр тообо кылуу менен гана кечирилет.
Сахих ал-Бухари (8/ 86) (6405).
Сахих Муслим (4/ 2071) (2691).
Дагы (8)
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
للبسام (7/ 535).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 401).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 470).
سبل السلام بشرح بلوغ المرام.
للصنعاني (2/ 704).