"Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып: Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".
«صَلَاةُ الرَّجُلِ فِي جَمَاعَةٍ تَزِيدُ عَلَى صَلَاتِهِ فِي بَيْتِهِ وَصَلَاتِهِ فِي سُوقِهِ بِضْعًا وَعِشْرِينَ دَرَجَةً، وَذَلِكَ أَنَّ أَحَدَهُمْ إِذَا تَوَضَّأَ فَأَحْسَنَ الْوُضُوءَ، ثُمَّ أَتَى الْمَسْجِدَ لَا يَنْهَزُهُ إِلَّا الصَّلَاةُ، لَا يُرِيدُ إِلَّا الصَّلَاةَ، فَلَمْ يَخْطُ خَطْوَةً إِلَّا رُفِعَ لَهُ بِهَا دَرَجَةٌ، وَحُطَّ عَنْهُ بِهَا خَطِيئَةٌ، حَتَّى يَدْخُلَ الْمَسْجِدَ، فَإِذَا دَخَلَ الْمَسْجِدَ كَانَ فِي الصَّلَاةِ مَا كَانَتِ الصَّلَاةُ هِيَ تَحْبِسُهُ، وَالْمَلَائِكَةُ يُصَلُّونَ عَلَى أَحَدِكُمْ مَا دَامَ فِي مَجْلِسِهِ الَّذِي صَلَّى فِيهِ، يَقُولُونَ: اللهُمَّ ارْحَمْهُ، اللهُمَّ اغْفِرْ لَهُ، اللهُمَّ تُبْ عَلَيْهِ، مَا لَمْ يُؤْذِ فِيهِ، مَا لَمْ يُحْدِثْ فِيهِ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам намазды жамаат менен окуса, анын бул намазы үйдө же базарда окуган намазынан жыйырма канча барабар абзел болорун айткан. Анан мунун себебин чечмелеген: Киши дааратын толук, жеткиликтүү алып, анан намаз окуу ниети менен мечитке жөнөсө, таштаган кадамына жараша мартабасы жана орду жогорулайт, ошондой эле ошого жараша каталары өчүрүлөт. Мечитке киргенден кийин намазды күтүп отурса, күтүп отурган учурунда да намаз окугандын сооп-сыйын алат. Ал намаз окуган орунунда отурганда периштелер ага дуба кылат: "Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл" дешет. Эгер ал дааратын сындырбаса же адамдарга же периштелерге зыян тийгизе турган иш кылбаса.
بِضعا: البضع: من الثلاثة إلى العشرة.
Адамдын үйүндө же базарда жалгыз окуган намазы жарактуу, бирок жамаатты себепсиз калтырганы үчүн күнөөкөр болот.
Мечитте жамаат менен окулган намаз, адамдын өзү жалгыз окуган намазынан жыйырма беш же жайырма алты, же жыйырма жети барабар абзел.
Периштелердин озуйпаларынын бири - ыймандуу пенделерге дуба кылуу.
Мечитке даарат менен баруу артыкчылыктуу иш.
Сахих ал-Бухари (1/ 103) (477).
Сахих Муслим (1/ 459) (649).
Дагы (11)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
مجموعة من الباحثين (1/ 26).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 178).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 72).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص15).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 43).
المعجم الوسيط (1/ 60).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (4)
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«صَلَاةُ الرَّجُلِ فِي جَمَاعَةٍ تَزِيدُ عَلَى صَلَاتِهِ فِي بَيْتِهِ، وَصَلَاتِهِ فِي سُوقِهِ، بِضْعًا وَعِشْرِينَ دَرَجَةً، وَذَلِكَ أَنَّ أَحَدَهُمْ إِذَا تَوَضَّأَ فَأَحْسَنَ الْوُضُوءَ، ثُمَّ أَتَى الْمَسْجِدَ لَا يَنْهَزُهُ إِلَّا الص
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«صَلَاةُ الرَّجُلِ فِي جَمَاعَةٍ تَزِيدُ عَلَى صَلَاتِهِ فِي بَيْتِهِ، وَصَلَاتِهِ فِي سُوقِهِ، بِضْعًا وَعِشْرِينَ دَرَجَةً، وَذَلِكَ أَنَّ أَحَدَهُمْ إِذَا تَوَضَّأَ فَأَحْسَنَ الْوُضُوءَ، ثُمَّ أَتَى الْمَسْجِدَ لَا يَنْهَزُهُ إِلَّا الص
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“صلاة الرجل في جماعة تزيد على صلاته في بيته، وصلاته في سوقه، بضعا وعشرين درجة، وذلك أن أحدهم إذا توضأ فأحسن الوضوء، ثم أتى المسجد لا ينهزه إلا الصلاة، لا يريد إلا الصلاة، فلم يخط خطوة إلا رفع له بها درجة، وحط عنه بها خطيئة، حتى يدخل المسجد،
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 1 «صَلاَةُ الرَّجُلِ فِي جَماعَةٍ تَزِيدُ عَلَىٰ صَلاَتِهِ فِي بَيْتِهِ وَصَلاتِهِ فِي سُوقِهِ بِضْعاً وَعِشْرِينَ دَرَجَةً؛ وَذلِكَ أَنَّ أَحَدَهُمْ إِذَا تَوَضَّأَ فَأَحْسَنَ الْوُضُوءِ، ثُمَّ أتَىٰ الْمَسْجِدَ لا يَنْهَزُهُ إلَّا الصَلاَةُ