Skip to content
القَمَر /

Аят 37

54 : 37

Аят 37 of القَمَر (54 : 37). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

القَمَر Аяттар 55
54 : 37

وَلَقَدۡ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيۡفِهِۦ فَطَمَسۡنَآ أَعۡيُنَهُمۡ فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ

Жана анын мейманын (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын!

Explanation & meanings · 2
  1. Ал меймандар сулуу жигит кейипиндеги периштелер болчу.
  2. Аллах Лут коомун жазалоо үчүн сулуу жигит кейипиндеги эки периштени жиберет. Алар Луттун үйүнө келгенде анын бузукуларга жан тарткан аялы дароо бузуктарга чуркап, кабарды жеткирет. Бачабаз коом келип, жигиттерди чыгарып берүүсүн Луттан талап кылат. Ошондо периштелердин бири алардын көзүн сокур кылып койот жана Лут менен анын үй-бүлөсүнө «Таңга маал шаардан чыгып кеткиле, биз таш бороонун жаадырабыз» деп кетип калышат. Лутка «Аялыңды өзүң менен алба» деген вахий келгендиктен аялы шаарда калып, бузукулардын катарында жексен болот.