Skip to content
قٓ /

Аят 5

50 : 5

Аят 5 of قٓ (50 : 5). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

قٓ Аяттар 45
Сүрө · قٓ
Kyrgyz · Hakimov
50 : 5

بَلۡ كَذَّبُواْ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ فَهُمۡ فِيٓ أَمۡرٖ مَّرِيجٍ

Жок! Аларга Акыйкат (Куран) келген учурда «жалган» деп айтышкан. Алар (Куран жөнүндө) туруксуз пикирде болушту.

Explanation & meanings · 1
  1. Акыйкатты жалганга чыгаруу үчүн алар оболу пайгамбарыбызды «сыйкырчы» дешти, анан эле пикирлерин өзгөртүп, «акын» дешти. Арадан көп өтпөй эле «жинди» деп доомат коюшту. Бирок, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам окуган Куран не сыйкырга, не ырга окшосо кана! Эгер жиндилер ошондой маанилүү сүйлөсө, ал сөздү сүйлөй албаган соолорду эмне деп айтса болот?! Кыскасы, Акыйкатка каршы болгон адамдар ар кайсы заманда болбосун ошолор сыяктуу түрлөнүп турат. Себеби, өзгөргүс, түрлөнгүс акыйкат бирөө эле. Ал – Курани Карим!