Skip to content
قٓ /

Аят 22

50 : 22

Аят 22 of قٓ (50 : 22). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

قٓ Аяттар 45
Сүрө · قٓ
Kyrgyz · Hakimov
50 : 22

لَّقَدۡ كُنتَ فِي غَفۡلَةٖ مِّنۡ هَٰذَا فَكَشَفۡنَا عَنكَ غِطَآءَكَ فَبَصَرُكَ ٱلۡيَوۡمَ حَدِيدٞ

(Эй, Акыретти жалган деген пенде!) Сен мындан капылетте (кайдыгер) болчусуң. Анан Биз сенин (кайдыгерлик) пардаңды ачып салдык. Мына эми, бүгүн сенин көздөрүң (аябай) өткүр!

Explanation & meanings · 1
  1. Бул дүйнөдө инсан капылетте (уйкуда) жүрө берген. Кыямат, кайра тирилүү, эсеп берүү деген нерселерди ойлоп да койгон эмес. Анан... Исрафил периште Сур деген кернейин тартканда... капыстан кайра тирилип, эки периштенин коштоосунда сурак майданына келип калыптыр! Дүйнөдөгү капылет пардасы заматта көзүнөн сыдырылып, ары жактагы тозок азабын көрүп, көздөрү андан бетер ачылат. Кыяматтын чын экенин түшүнөт. Бирок, эми түшүнгөндүн пайдасы не?!