Skip to content
القَصَص /

Аят 4

28 : 4

Аят 4 of القَصَص (28 : 4). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

القَصَص Аяттар 88
28 : 4

إِنَّ فِرۡعَوۡنَ عَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَجَعَلَ أَهۡلَهَا شِيَعٗا يَسۡتَضۡعِفُ طَآئِفَةٗ مِّنۡهُمۡ يُذَبِّحُ أَبۡنَآءَهُمۡ وَيَسۡتَحۡيِۦ نِسَآءَهُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Чынында, Фараон жер бетинде (өзүнүн байлыгы, бийлиги, аскер күчү менен) текеберленип чектен чыкты. Жана (байыркы Египет) элдерин бөлүктөргө бөлүп салды. Алардан бир тайпа элге (Исраил урпактарына) зулум көргөзүп, эркек балдарын союп, кыз балдарын тирүү калтырып жатты. Чынында ал бузуку адамдардан болгон.

Explanation & meanings · 1
  1. Ал «Бир күн келип ушул Исраил урпактары бизди Мисирден чыгарып жибербегей эле» деп кооптонду. Себеби, Исраил урпактарында туулуу жана адам санынын өсүшү Фараондун элине салыштырмалуу өтө жогору болгон. Ошондон улам, бул элдин эркек төрөлгөн балдарын өлтүрүп, кыз балдарын жөн коюуга буйрук берди. Аскерлер үймө-үй кыдырып жүрүп, кимдин үйүндө эркек бөбөк болсо, ата-энесин каратып туруп союп жатышты. Ошол мезгилде Муса жаңы эле төрөлгөн бөбөк болчу.