Skip to content
البَقَرَة /

Аят 76

2 : 76

Аят 76 of البَقَرَة (2 : 76). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

البَقَرَة Аяттар 286
2 : 76

وَإِذَا لَقُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَا بَعۡضُهُمۡ إِلَىٰ بَعۡضٖ قَالُوٓاْ أَتُحَدِّثُونَهُم بِمَا فَتَحَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ لِيُحَآجُّوكُم بِهِۦ عِندَ رَبِّكُمۡۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

(Кээ бир мусулмандардын үмүт кылгандары жөн жеринен эмес эле. Анткени, алардын арасындагы эки жүздүүлөрү): ыймандуу кишилерге жолуккан кезде “Биз ыйман келтирдик” дешет. Эгер өздөрүнчө калышса “Эмне, аларга (мусулмандарга) Аллах силерге (Тоорат китебинде) ачык айткан нерсе жөнүндө Раббиңердин алдында өзүңөргө (каршы) далил келтирүүлөрү үчүн айтып жатасыңарбы? Акылыңарды иштетпейсиңерби?!” - дешет.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах таала Тооратта Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын чыныгы пайгамбар экенин ачык айткан жана муну яхудийлер жакшы билишкен. Бирок, алар муну мусулмандардан бекитишет болчу. Ал эми жанагы эки жүздүүлөрү мусулмандарга жолугуп “Биз деле Мухаммадга ыйман келтиребиз” десе, башка бирөөлөрү аларды жемелеп “Эмнеге Аллах силерге (Тоорат китебинде) ачык айткан нерселерди мусулмандарга айтып жатасыңар?! Ушул сөзүңөрдү Кыяматта, Раббиңердин алдында өзүңөргө каршы далил кылса эмне кыласыңар?! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!” дешкен.