Skip to content
الكَهف /

Аят 7

18 : 7
الكَهف Аяттар 110
Сүрө · الكَهف
Kyrgyz · Hakimov
18 : 7

إِنَّا جَعَلۡنَا مَا عَلَى ٱلۡأَرۡضِ زِينَةٗ لَّهَا لِنَبۡلُوَهُمۡ أَيُّهُمۡ أَحۡسَنُ عَمَلٗا

Биз алардын кимиси жакшыраак амал кылаар экен деп сынаш үчүн жер бетиндеги нерселерди жерге зыйнат-көрк кылдык.

Explanation & meanings · 1
  1. Жер бетинде адамды кызыктырган кооз, сулуу, кымбат, зыйнаттуу нерселер өтө көп. Бирок, баары убактылуу. Ушул нерселерге азгырылып кетип, аларды Акыреттеги түбөлүк нээматтарга алмаштырып жибергендер, сыноодон өтпөй калышат. Дүйнө – бул жол. Жолоочунун максаты кийинки дүйнө. Кийинки дүйнөдө аны же бейиш, же тозок күтөт. Кайсы бирине түшүп калуусу дүйнө-жолдо кандай жүрүшүнө байланыштуу. Ошентип, жер бетиндеги кооз нерселер көп, бирок, эч бири түбөлүк эмес.