Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (56)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيأذكار الصلاة
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөткөндө, ага уйлардан: ар бир отуз баштан бир табиъ же табиъаны (бир жашар эркек же ургаачы торпокту), ар бир кырк баштан бир мусиннаны (эки жашар кунаажын же букачар), ал эми ар бир балакат жаш курагына жеткен адамдан бир динар же ага барабар маафирди (Йеменде жасалуучу кийимди) алууну буйруду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيزكاة بهيمة الأنعام
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. Бир күнү жол жүрүп бара жатканда аны жандай бастырып калдым. Анан андан: Оо, Аллахтын элчиси, мени тозоктон алыстатып, бейишке киргизе турган кандай иш бар? – деп сурадым. Ал: “Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот . Аллахка шерик кошпой ибадат кыл, беш убак намазды толук оку, зекетти бер, Рамазан айынын орозосун карма. Аллахтын үйү (Каъбага барып), ажылык милдетиңди аткар” – деп, анан сөзүн кайра улады: “Сага жакшылыктын эшиктери тууралуу айтайынбы? Орозо (тозоктон) калкан; Садага – суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Адамдын түн ортосунда окуган намазы” – деп, бул аятты окуду: “Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп, коркуу жана үмүт менен Раббисине дуба кылышат. Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт”. Анан кайра мага: “Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ал: “Диндин башы – Ислам; Анын тиреги – намаз; Туу чокусу – Аллах жолунда күрөш” – деди. Анан: “Эми сага ушул айтылгандардын баарынын негизи эмне экенин айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ошондо ал тилин кармап көрсөтүп: “Ушуну сакта!” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, биз айткан сөздөрүбүз үчүн да жоопко тартылабызбы? – деп сурадым. Ал: “Энең сени жоготсун, оо Муаз, адамдарды тозокко бети же мурду менен кулаткан нерсе тилинен тапкан күнөөлөрү эмеспи” – деди.
Сахих бимажмуъи тарикихи (бардык тарабынан ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالإسلام