Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (56)
"Аманаты болбогондун ыйманы жок, келишимди аткарбагандын дини жок."
Хасан ли-гойрихи (башка бир жолдордун эсебинен хасан даражасына көтөрүлгөн хадис). Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة
«Мушриктерге каршы малыңар, жаныңар жана тилиңер менен күрөшкүлө».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
التصنيف الشرعيحكم الجهاد وفضله
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة، أعمال القلوب