Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
"Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү".
Сахих (ишенимдүү) Байхакий риваят кылган.
التصنيف الشرعيالدعاوى والبيِّنات
Азанчы багымдат азанында: «Хаййа а'лал-фалаах» - деп айткандан соң, «Ассолаату хойрум минан-наум» - деп айтуусу сүннөттөн.
Сахих (ишенимдүү) Ибну Хузайма, Дара Кутний жана Байхакий риваят кылган.
التصنيف الشرعيالأذان والإقامة
"Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз".
Сахих (ишенимдүү) Хааким жана Байхакий риваят кылган
التصنيف الشرعيالتوبة
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге чакырбай туруп эч качан эч бир коом менен согушкан эмес.
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жана Байхакий риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام ومسائل الجهاد وآدابه