Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (85)
جابر بن عبد الله5 النعمان بن بشير4 علي4 عمر بن الخطاب4 أم عطية3 جرير بن عبد الله3 حذيفة3 عبادة بن الصامت3 ‌ابن عباس2 أبو أيوب الأنصاري2 أبو بكرة2 أبو قتادة2 أبو مسعود2 أبو هريرة قال2 أسامة بن زيد2 البراء2 البراء بن عازب2 سهل بن سعد2 عقبة بن عامر2 عمر2 إبراهيم النخعي عن همام بن الحارث قال1 أبو أيوب1 أبو بردة الأنصاري1 أبو بردة بن أبي موسى1 أبو بشير الأنصاري1 أبو بكر الصديق1 أبو حازم بن دينار1 أبو حازم قال1 أبو حمزة أنس بن مالك1 أبو حميد الساعدي1 أبو ذر1 أبو سعيد الخدري وعن أبي هريرة1 أبو طلحة1 ‌أبي قتادة السلمي1 ‌أبي هريرة1 أبيه قال1 أسماء بنت أبي بكر1 الحسن قال1 المغيرة1 المغيرة بن شعبة1 المقداد بن عمرو الكندي1 أم قيس بنت محصن1 ‌أنس بن مالك1 جبير بن مطعم1 حارثة بن وهب الخزاعي1 حكيم بن حزام1 رافع بن خديج1 زيد بن ثابت1 زيد بن خالد1 زينب بنت جحش1 سليمان بن صرد1 ‌سهل1 سهل بن سعد الساعدي1 صفوان بن محرز قال1 طلحة بن عبيد الله1 عائشة وعبد الله بن عباس1 عبادة1 عبد الرحمن بن أبي ليلى قال1 عبد الله بن عمرو بن العاص1 عبد الله بن مالك ابن بحينة1 عبد الله بن مغفل1 عبد الله بن يزيد الخطمي قال1 عدي بن حاتم1 عمار بن ياسر1 عمر بن أبي سلمة1 عمران بن حصين1 عمرو بن سليم الأنصاري قال1 مالك بن أوس بن الحدثان أنه قال1 ‌محمود بن لبيد1 معاذة قالت1 معاوية1 معقل بن يسار المزني1 ميمونة أم المؤمنين1 ‌وراد كاتب المغيرة بن شعبة قال1 يحيى بن عمارة المازني قال1
Жөөттөрдөн бир адам ага мындай деди: «Эй, момундардын амири! Силер китебиңерде бир аят окуйсуңар, эгер ал бизге – жөөттөр жамаатына түшкөндө, биз ал күндү майрам кылып алмакпыз». Ал: «Ал кайсы аят?» – деп сурады. Тигил: «Бүгүн Мен силердин диниңерди толуктадым, силерге болгон нээматымды аягына чыгардым жана силер үчүн Исламдын дин болуусуна ыраазы болдум" [Маида: 3]», – деди. Ошондо Умар мындай деди: «Чынында, биз ал күндү жана анын Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшкөн жерин дабилебиз. Ал жума күнү, Арафатта турганда түшкөн».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туткундарды алып келишти. Туткундардын арасынан эмчегинен сүтү агып, эмизип жүргөн бир аял, алардын арасынан бир баланы таап алып, аны кучагына кысып, эмизди. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге: «Мына ушул аял баласын отко таштап жиберет деп ойлойсуңарбы?» – деп сурады. Биз: Жок, анын таштабоого кудурети жетип турганда эч качан таштабайт, – дедик. Ал: «Аллах пенделерине, бул аялдын өз баласына болгон мээриминен да мээримдүүрөөк» – деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيتوحيد الأسماء والصفات
«Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имам Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالهجرة وأحكامها، أعمال القلوبموضوعات الحديثالإخلاص
"Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды". Умар айтат: Аллахка касам ичип айтам, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйганын уккандан бери, атайлап да, бирөөнүн айтканын кайталап да, атамдын аты менен касам ичпедим.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيتوحيد الألوهيةموضوعات الحديثأهمية التوحيد، الشرك بالله وأقسامه، الإيمان بالله تعالى، متابعة الرسول ﷺ