Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 73

Чыпкаларды алып салуу
«Эгерде Аллах бир пендени бир жерде өлүүнү тагдыр кылса, анда ага ошол жерде бир муктаждыгын жаратат».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
«Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчисине: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан сурай турган нерсени үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал: "Аллахтан амандык тиле" - деди. Бир канча күндөн кийин кайра келип: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан эмнени суроону үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал мага: "Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди.
Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис). Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
«Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Кимде-ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми кимде-ким бирөөнү кыйнаса, анда Аллах аны кыйынчылыка салып коёт».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн: "Алкыш-мактоолор Аллахка болсун. Андан жардам сурайбыз жана кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыгынан сактоону Өзүнөн суранабыз. Аллах кимди туура жолго салса, аны адаштыруучу жок. Ал кимди адаштырса, аны туура жолго салуучу жок. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. "О, адамдар! Силерди бир жандан жаратып, андан жубайын жаратып, ал экөөнөн көп эркек жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула! Анын аты менен жана туугандыктан сурала турган Раббиңерден корккула!" (Ниса, 1-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болмоюнча өлбөгүлө!" (Аалу Имран, 102-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан корккула жана туура сүйлөгүлө! Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, чоң утушка жетет". (Ахзаб, 70-71-аяттар).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган