Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 50

Чыпкаларды алып салуу
"Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын".
Сахих (ишенимдүү) Имам Ахмад, ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
"Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном. Аллахым, Сенден кулуң жана пайгамбарың суранган жакшылыктын баарын суранамын. Сенден кулуң жана пайгамбарың сактоону сураган жамандыктын баарынан сактооңду суранам. Аллахым, мен Сенден бейишти сурайм. Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды сурайм. Сенден тозоктон сактоону сурайм. Тозокко жакындата турган сөздөрдөн жана амалдардан сактоону сурайм. Сен чыгарган тагдыр-өкүмдүн баары мен үчүн жакшылык болуусун сурайм.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган.
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
​Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин кимибиздин болбосун аялынын анда кандай акысы бар?» — деп сурадым. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Өзүң тамактанганыңда аны да тамактандырасың, өзүң кийингениңде же тапканыңда аны да кийинтесиң, жүзүнө урбайсың, жаман сөз айтып тилдебейсиң жана үйдөн башка жерде таштап кетпейсиң» — деп жооп берди.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Жыргалчылыктарды жок кылуучуну көп эстегиле," б.а. өлүмдү.
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи Кубра китебинде жана Ибн Маажа риваят кылган
"Аллах Таала менин үммөтүмдүн катасын, унутуп жана мажбурланып кылганын кечирди".
Имам Навави: "Хасан хадис", - деген. Ибн Маажа, ал-Байхаки ж.б. риваят кылган
«Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.