Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 76

Чыпкаларды алып салуу
"Кайсы бир аял өзүнүн өкүлүнүн (валисинин) уруксаты жок никеге турса, анын никеси батыл (жараксыз) болот - (муну үч ирет кайталады) -. Эгерде эркек ал аялга жакындык кылса, анда ага жакындык кылганы себептүү аялга махыр берилет. Эгерде алар талашып-тартышса, анда өкүлү (валиси) жоктор үчүн султан (башчы) өкүл болот."
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Мен: О, Аллахтын элчиси, мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жана Ахмад жазып калтырган.
"Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис). Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон».
Хасан (жакшы) Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган.
"Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам".
Сахих (ишенимдүү) Тирмизи жана ан-Насааи Кубродо китебинде жана Ахмад риваят кылган.