Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 76

Чыпкаларды алып салуу
"Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном. Аллахым, Сенден кулуң жана пайгамбарың суранган жакшылыктын баарын суранамын. Сенден кулуң жана пайгамбарың сактоону сураган жамандыктын баарынан сактооңду суранам. Аллахым, мен Сенден бейишти сурайм. Бейишке жакындата турган сөздөрдү жана амалдарды сурайм. Сенден тозоктон сактоону сурайм. Тозокко жакындата турган сөздөрдөн жана амалдардан сактоону сурайм. Сен чыгарган тагдыр-өкүмдүн баары мен үчүн жакшылык болуусун сурайм.
Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган.
"Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчиси мындай деди: "Рия. Кыямат күнү адамдар иш-амалдарынын жаза, сыйын алганда, Улук Алла Таала аларга: "Дүйнө жашоосунда иш-амалдарыңарды рия кылып көрсөткөн адамдарга барып карагылачы, аларда силерге бере турган сыйды таба алар бекенсиңер!?" дейт.
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
​Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин кимибиздин болбосун аялынын анда кандай акысы бар?» — деп сурадым. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Өзүң тамактанганыңда аны да тамактандырасың, өзүң кийингениңде же тапканыңда аны да кийинтесиң, жүзүнө урбайсың, жаман сөз айтып тилдебейсиң жана үйдөн башка жерде таштап кетпейсиң» — деп жооп берди.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
"Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
«Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет».
Сахих (ишенимдүү) Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган.