Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 1

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Мен Сафван бин Ассал ал-Мурадийге маасыга масх тартууну сураганы бардым. Ал мага: "Зирр, бул жакка эмне үчүн келдиң?" - деп сурады. Мен: "Илим издеп" - дедим. Ал: "Ырасында, периштелер илим талап кылуучунун ишине ыраазы болуп, ага канаттарын төшөйт" - деди. Мен: "Чоң жана кичи даарат ушаткандан кийин маасыга масх тартуу маселеси көкүрөгүмдү өйүп жатат. Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынын бирисиң, мен сенден: анын бул тууралуу бир нерсе айтканын уктуң беле? - деп сураганы келдим" - дедим. Ал: "Ооба, биз сапарда же жүргүнчү болгондо, ал бизге маасыларыбызды үч күн, үч түн чечпөөнү буйручу. Жунуп болгондо гана чеччүбүз, бирок чоң даараттан, кичи даараттан жана уйкудан улам чеччү эмеспиз" - деди. Мен: "Пайгамбардын сүйүү тууралуу бир нерсе айтканын уктуң беле?" - дедим. Ал минтти: "Ооба, биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болчубуз. Биз анын жанында турганыбызда, капысынан бир элеттик адам катуу добушу менен: "О, Мухаммад!" - деп кыйкырды. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын үнүндөй эле үн менен: "Бул жердемин!" - деп жооп берди. Анан биз ал адамга: "Шордуу десе, үнүңдү басаңдат! Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанындасың, сага мындай кылууга тыюу салынган!" - дедик. Ал: "Аллахка ант болсун, үнүмдү басаңдатпайм" - деди. Анан: "Бирөө кайсы бир коомду жакшы көрүп, бирок (амалы менен) аларга жете элек (болсочу)?" - деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кыямат күнү ар бир адам өзү сүйгөн адамдар менен бирге болот" - деди. Анан ал бизге улам сүйлөп отуруп, батыш тараптагы бир эшикти эскерди, анын эки босогосунун аралыгы кырк же жетимиш жылдык жол, же болбосо ал эшикти туурасынан аттуу адам кырк же жетимиш жылда басып өтөт" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالمسح على الخفين ونحوهما