Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 36

Чыпкаларды алып салуу
"Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Мариямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
"Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи " деп күбөлүк берет. Аллах Тааланын: "Аллах Таала ыйандуу пенделерин бул дүйнөдө да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" - деген аятында ушул айтылган" (Ибрахим, 27-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт . Жыл айдай болуп калат. Ай аптадай болот. Апта күндөй эле болуп калат. Күн сааттай болот. А саат болсо куураган курма жалбырагын күйгүзгөндөй (жалт этип) өтөт".
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!».
Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис). Ибн Маажа жазып калтырган.
"Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"«Ким азанды укканда: "Аллохумма робба хазихид-даьватит-тааммах, уас-солаатил-коима аати мухаммада-нил васиилата уал-фадыйлата, уаб-'асху макоомам-махмуданил-лази уа-'адтах" - деп айтса, кыямат күнү ага менин шапаатым берилет»". Мааниси: "Оо, Аллах! Оо, ушул кемчиликсиз чакыруунун жана тургузулган намаздын Раббиси! Мухаммадга кыяматта васила (шапаат кылууну) жана артыкчылыкты бер! Аны Өзүң убада кылган даңкталган орунда (шапаат кылуу орунунда) тирилт!"
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.