Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالغلو في الأنبياء، توحيد الألوهية، النبوة والرسالة، الإيمان بنبينا محمد صلى الله عليه وسلمموضوعات الحديثأهمية التوحيد، معنى شهادة أن محمدًا رسول الله، الشرك بالله وأقسامه، حقوق النبي ﷺمحاور التعريف بالإسلامالغلو في الأنبياء
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) аларга буйрук бергенде, алардын чама-чаркы жете турган иштерди гана буйруйт эле. Алар: "О Аллахтын Элчиси! Биз сизге окшош эмеспиз. Чынында, Аллах сиздин мурунку жана кийинки күнөөлөрүңүздү кечирген", - дешти. Ошондо ал жүзүнөн ачууланганы билинип ачууланып, анан мындай деди: «Чынында, араңардан Аллахтан эң көп коркконуңар жана Аллахты эң жакшы билгениңер – менмин».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، الإيمان بنبينا محمد صلى الله عليه وسلم
«Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты».
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأهمية السنة ومكانتها، الإيمان بنبينا محمد صلى الله عليه وسلمموضوعات الحديثمتابعة الرسول ﷺمحاور التعريف بالإسلاموجوب اتباعه
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، وجوب الزكاة وحكم تاركها، وجوب الصيام وحكم تاركه، وجوب الحج والعمرة وحكم تاركهما، الإيمان بالله عز وجل، النبوة والرسالة، الإسلام
"Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла. Силерден мурда жашап өткөндөрдүн көбү пайгамбарына каяша сүйлөгөнү жана бейпайда суроолорду көп бергени үчүн кыйраган".
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الأنبياء والرسل السابقين عليهم السلام