عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، الأذكار للأمور العارضة، صفة الصلاة، أذكار الصلاة، الإيمان بالقضاء والقدر، الجنموضوعات الحديثالذِّكْر، صفة الصلاة، مكروهات الصلاة
«Жебрейил Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган кезде, үстү жагынан бир добушту укту. Ал башын өйдө көтөрүп:
– Бул – асманда бүгүн ачылган эшик. Буга чейин ал эч качан ачылган эмес болчу, - деди.
Андан бир периште түштү. Ошондо Жебрейил:
– Бул – жерге түшкөн бир периште. Бүгүндөн башка ал эч качан түшкөн эмес эле, - деди.
Периште салам берип, мындай деди:
– Сенден мурунку эч бир пайгамбарга берилбеген, сага гана берилген эки нур менен сүйүн: (Алар) Фатиха сүрөсү жана Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттары. Сен ал экөөнөн кайсы бир тамганы окусаң да, ал сага сөзсүз берилет».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات، الملائكة
«Мусулман адам бир тууганы жок кезде ага кылган дубасы кабыл болот. Анын баш тарабында дайындалган периште турат. Бир тууганына дуба кылган сайын периште: Аамин, сага да ушундай болсун! – деп айтып турат»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الدعاء، الإيمان بالملائكة
"Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт"
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب وأحكام السفر، الملائكةموضوعات الحديثالإيمان بالملائكة
Чынчылдыгы тастыкталган Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айткан: “Силердин энеңердин курсагындагы өрчүүңөр кырк күн (суу абалда) болот. Андан кийин дагы ошончо күн канга айланат. Андан кийин дагы ошончо күн бир тиштем этке айланат. Андан кийин периште жиберилип, ага жан үйлөйт. Ошондой эле (ал периште) төрт нерсени: баланын ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болорун жазууга буйрулат. Андан башка ибадатка татыктуу кудай болбогон Аллага ант берип айтам, кээ бириң бейишке барчулардын иш-амалын кылып жүрүп, бейишке кирерине бир чыканактай калганда китебинде жазылганы ишке ашат да, тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып тозокко кирет. Кээ бириң тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып жүрүп, тозокко кирерине бир чыканактай калганда, китебинде жазылганы ишке ашат да бейишке кирчүлөрдүн иш-амалын кылып бейишке кирет”.
Сахих (ишенимдүү) Бухарий жана Муслим риваяты
التصنيف الشرعيالأربعون النووية، الإيمان بالملائكة، الإيمان باليوم الآخر، الإيمان بالقضاء والقدر