Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى2
التخريج المتعدد2
حجم المحتوى: متوسط

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، الأذكار للأمور العارضة، صفة الصلاة، أذكار الصلاة، الإيمان بالقضاء والقدر، الجنموضوعات الحديثالذِّكْر، صفة الصلاة، مكروهات الصلاة
«Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин ага периште жөнөтүлүп, төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин, бактылуу же бактысыз болушун. Андан кийин ага жан салынат. Чындыгында, силерден бирөө бейиш менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча бейиш ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да тозок ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал тозокко кирет. Ошондой эле силерден бирөө тозок менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча тозок ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да бейиш ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал бейишке кирет».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالإيمان باليوم الآخر، الإيمان بالقضاء والقدر، الملائكة، الإسلامموضوعات الحديثالإيمان بالملائكة، الإيمان بالقدر خيره وشره، الخوف، الرجاء، العُجْب
Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيتوحيد الألوهية، الجن، الشركموضوعات الحديثالكهانة والعرافة والتنجيم وإتيان من يتلبس بهذه المنكرات