Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 16

Чыпкаларды алып салуу
Оо, Аллахтын пайгамбары, эгер бизге өздөрүнүн укугун талап кылып, бизди укугубуздан тыйган адамдар башчы болуп калса, биз эмне кылабыз? Пайгамбарыбыз андан жүз бурду. Ал дагы сурады. Пайгамбарыбыз дагы жүз бурду. Ал экинчи же үчүнчү жолу сураганда Ашаъс бин Кайс аны жым отур деп эскертти. Ошондо пайгамбарыбыз: "Аларды уккула жана баш ийгиле. Алар өз моюнундагына, силер өз моюнуңардагыга жооп бересиңер" - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Баарыңар бир адамдын кол астында турганда силердин араңарды бөлүп-жаргысы келген же жамаатыңарды тыркыратуу үчүн келген адамды өлтүргүлө".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Чынында фитналар болот. Билип койгула, анан ушундай бир фитна болот, анда олтурган адам баскан адамдан жакшы, ал эми баскан адам ага чуркаган адамдан жакшы болот. Билип койгула, эгер ал келсе же башталса, кимдин төөсү болсо төөсүнө кетсин, кимдин койу болсо коюна кетсин, кимдин жери болсо жерине кетсин». Ошондо бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, төөсү, койу жана жери жок адам эмне кылуусу керек? деп сурады. Пайгамбар: «Кылычын алып, анын мизин таш менен чаап мокотсун, андан соң эгер кутулууга мүмкүнчүлүгү болсо, кутулуп кетсин. Оо, Аллах, мен жеткирдимби? Оо, Аллах, мен жеткирдимби? Оо, Аллах, мен жеткирдимби?» деп жооп берди. Анан дагы бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, эгер мени күчкө салып, эки саптын же эки топтун бирине алып барышса, анан бирөө мени кылычы менен чапса же бир жебе келип мени өлтүрсөчү? - деп сурады. Пайгамбар: «Анда ал өзүнүн да, сенин да күнөөңдү мойнуна алат жана тозок ээлеринен болот» - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе ". "Аларга каршы чыгалыбы?" - дешти. "Жок, намаз окушса (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)