Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 2

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
التخريج المتعدد1
التخريج المتعدد: متفق عليه

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардан болгон кулга да, эркин адамга да, эркекке да, аялга да, жаш балага да, чоң кишиге да курмадан бир сааъ же арпадан бир сааъ өлчөмүндө фитир садакасын (зекетти) берүүнү парз кылды. Ошондой эле, аны адамдар (айт) намазына чыкканга чейин берүүнү буйруду».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيزكاة الفطر
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү тирүүсүндө, биз фитир садакасын улуу-кичүү, азат же кул болгон ар бир жан үчүн тамактан бир сааъ, же куруттан бир сааъ, же арпадан бир сааъ, же курмадан бир сааъ, же мейизден бир сааъ өлчөмүндө чыгарчубуз. Муавия ибн Абу Суфян (Аллах андан ыраазы болсун) ажылыкка же умрага келгенге чейин ушинтип чыгарып жүрдүк. Ал минбарда элге кайрылып сүйлөгөндө: «Менимче, Шамдын буудайынан эки мудд (эки ууч) курманын бир сааъына тең келет»,- деди. Адамдар муну кабыл алышты. Ал эми Абу Саид: «Мен болсо, көзүм тирүүсүндө аны мурда кандай чыгарып жүргөн болсом, өмүр бою ошондой гана чыгара берем»,- деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيزكاة الفطر